МАДИНА – 100 ПАЙЫЗ ГРАНТТЫН ЭЭСИ
- 28.04.2025
- 0
Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк достугу орто мектебинин окуучусу Турчиева Мадина ОшТУнун 2025–2026-окуу жылына келишимдик төлөмдөн 100% бошотулган атайын сертификаттын ээси болду.
Окууда жана коомдук иштерде эң мыкты ийгиликтерге жетишип, өзгөчө активдүүлүгүн көрсөткөн Мадина Турчиевага бул сертификат Ош технологиялык университетинде өткөн Ачык эшиктер күнүндө тапшырылды.
Окуу жайдын ректору, профессор Жанболот Турсунбаевдин бул демилгеси жаштарды кесипке багыттоо, технологияны жайылтуу, бүтүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү, кыздар арасында технологдорду тарбиялоо боюнча мамлекеттин саясатын жүргүзүү максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, ОшТУ өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн приоритеттүү болгон багыттары архитектура, курулуш, кибернетика, энергетика, транспорт, геология, финансы-башкаруу, экология, маалыматтык байланыш, робототехника, экономика, дизайнер, телекомуникация, педагогика, психология, айыл чарба жана тамак-аш коопсуздугу, машина куруу боюнча адистерди даярдайт.
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Комментарийлер