МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ ОНЛАЙН СЫНАКТА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДА  

  • 29.04.2020
  • 0

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин режиссура жана актердук чеберчилик кафедрасынын студенти Токтобаев Казыбек эл аралык онлайн сынакта байгелүү орун ээледи.

МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТИ ОНЛАЙН СЫНАКТА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДА  

Башкы кеңсеси Астана шаарында жайгашкан “Дүйнө таланттары” уюму тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып уюштурулган “Кылым карытар бир күн” аттуу проза, поэзия, сүрөт сынагы Фейсбук социалдык тармагы аркылуу онлайн форматта өттү. Ага Кыргызстандын жана Казакстандын белгилүү акын-жазуучулары, сүрөтчүлөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу байкоо салып турушту. Сынакка катышкан  Токтобаев Казыбек “Кыргыз десе Чыңгыз көзгө элестейт” аттуу автордук ыры менен катышып, жыйынтыгында атайын диплом менен сыйланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер