МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРИ НУРЖИГИТ КАДЫРБЕКОВ ЭМГЕК ЖАМААТКА ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

  • 15.10.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси-министр Бактыбек Аманбаев Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган Нуржигит Кадырбековду Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды.

Өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министр Нуржигит Кадырбеков мамлекеттик жарандык кызматка жаңы жана жаш адистерди тартуу максатында дайындалганын белгиледи.

«Мамлекеттик жана муниципалдык жарандык кызматка жаңы кадрларды тартуу жана люстрация процессин тездетүү максатында Премьер-министр Садыр Жапаров бир катар кадрдык чечимдерге кол койду. Ага ылайык, Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри болуп дайындалды.  Нуржигит Кадырбековичтин билим деңгээли жана маданиятты көтөрүүгө кошуп келе жаткан салымы эске алынды.  Жаңы министрди баарыңыздар тааныйсыздар, чогуу иштешкенсиздер. Биргеликте мадания тармагын өнүктүрүүгө салым кошосуздар деген үмүттөмүн», — деди Бактыбек Аманбаев.

Өкмөт Аппаратынын жетекчиси-министр маданият тармагынын ар бир кызматкеринин өлкөнүн позитивдүү имиджин калыптандыруудагы салым кошууга чакырды.

Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү

 

Бөлүшүү

Комментарийлер