МАДАНИЙ МУРАСТЫ ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО

  • 12.07.2023
  • 0

«Манас» улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиев жана Академиянын вице-президенти Назира Аалы кызы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы «Шапак Рысмендеев» атындагы орто мектептин директору, жаш окумуштуу, манастаануучу Болот Бообек уулу менен жолугушту.

МАДАНИЙ МУРАСТЫ ЖАЙЫЛТУУ ЖАНА ДАҢАЗАЛОО

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз элинин материалдык эмес маданий мурастарын жайылтуу жана даңазалоо, ошондой эле, манасчы Шапак тууралуу тарыхый фактыларды талкууга алышты. Жаш окумуштуу Б. Бообек уулунун илимий изилдөөсүндө «Манас» эпосу өзгөчө роль ойнойт. Анын илимий ишинде жылкы жаныбарынын кыргыз маданиятындагы ролун ачып берүү каралган. Жаш илимпоз өз мектебинде музейдин уюштуруучусу да болуп саналат. Көптөгөн чет элдик окумуштуулар жолдун узактыгына карабастан, ал музейге кызыгуу менен келишет.

Б. Бообек уулу мындан ары «Манас» улуттук академиясы менен тыгыз байланышта иш алып барып турары жөнүндө бир катар сунуштарды айтты. Академиянын «Айкөл» студиясы алдыда Кара-Суу айылындагы Ш. Рысмендеев атындагы орто мектептин музейин жана Шапак манасчы тууралуу архивдик материалдарды тартып келүүнү пландоодо.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер