МААЛЫМАТТАР АЙКЫН ЖАНА ТАК БОЛУУГА ТИЙИШ
- 25.03.2025
- 0
Билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева блогерлер жана жарандык активисттер менен жолугушуп, Кыргызстандагы билим берүү системасын трансформациялоо жөнүндө айтып берди.
Билим берүү тармагынын жетекчиси өз сөзүндө өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган бардык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алып, тобокелдиктерди азайтуу менен 12 жылдык билим берүүнү киргизүү эта-этабы менен улантылат деп билдирди.
— Билим берүүнү трансформациялоо алты жаш курактан тартып бир окуу жылын кошуп коюу менен гана чектелбейт. Ал окутуунун сапатын жогорулатууга, мектеп программасынын жүгүн жеңилдетүүгө жана билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү жоюуга багытталган, — деди
Догдуркүл Шаршеевна.
Маалым болгондой, билим берүүнү трансформациялоону каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат. Каражаттар инфраструктураны модернизациялоого, окуу программаларын жана окуу китептерин жаңылоого, педагогдордун квалификациясын жогорулатууга жана мектептерди заманбап лабораториялар менен жабдууга жумшалат.
12 жылдык системага өтүү менен жогорку класстардын окуучулары болочоктогу кесибин алдын ала аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул мектеп окуучуларына багытты тандоого аң-сезимдүү түрдө барууга жана окууга тапшырууда жаңылыштыктарды кетирбөөгө жардам берет.
Билим берүүнү трансформациялоонун маанилүү аспекттеринин бири – мектепке кабыл алууда балдардын даярдык деңгээлин теңдештирүү. Бул ар бир бала үчүн бирдей мүмкүнчүлүктү камсыз кылат.
— Мектептердеги окуучу орундардын жетишсиздик көйгөйү да биздин көз жаздымыбызда калган жок. Жаңы системаны киргизүү жаңы мектептерди жана кошумча корпустарды курууну камтыйт, бул билим берүү уюмдарына келчү жүктү теңдөөгө мүмкүндүк берет, — деп айтты министр.
Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү тармагынын жетекчиси министрлик бардык сунуштарды жана сын-пикирлерди угууга даярдыгын, ошол эле учурда билим берүү тармагындагы жүрүп жаткан өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар айкын жана так болууга тийиш экенин көрсөттү.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер