“ҮМҮТ, КАМКОРДУК ЖАНА ЖООПКЕРЧИЛИК: МИФ ЖАНА ЧЫНДЫК”

  • 26.04.2021
  • 0

Ушундай аталыштагы онлайн конференция И. Арабаев атындагы КМУда өтүп,   ага 1-4-курстун студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Иш-чара Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети тарабынына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министирлигинин 2021-жылдын 15-апрелиндеги 02-2/782 буйругун (жогорку окуу жайлардын жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында зомбулук көрүнүштөрүнө жол бербөө) аткаруу максатында уюштурулду.

Анда студенттерге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 175-беренеси менен белгиленген жоопкерчилик,  зордук–зомбулук көрүнүштөрүнөн сактануу жана аларды алдын алуу, мажбурлап никеге туруу максатында адамды уурдоонун кесепеттери жөнүндө маалыматтар берилди. Жыйынтыгында тегерек стол студенттердин ар кандай суроолору, кызуу талкуусу жана сунуштары менен аяктап, төмөндөгүдөй сунуштар айтылды:

  • Адам укугун коргоо боюнча лекциялардын серияларын атайын адисттердин катышуусунда уюштуруу;
  • Кийинки иш-чараны студенттердин ата-энелеринин, жакындарынын катышуусу менен уюштуруу;
  • Тегерек столдогу маалыматтарды бөлүшүү жана жайылтуу.
Бөлүшүү

Комментарийлер