М.Т.ИБРАГИМОВ АТЫНДАГЫ КАРА-БАЛТА ТЕХНИКАЛЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
- 30.05.2025
- 0
Татыктуу билим! Ийгиликтүү карьера!
Кара-Балта шаарындагы М.Ибрагимов атындагы техникалык-экономикалык колледжи 1945-жылы негизделген, мамлекеттик көп тармактуу окуу жайы болуп эсептелет.
Окуу күндүзгү жана сырттан окуу формалары боюнча жүргүзүлөт.
Колледждин түзүмүндө заманбап лабораториялар, окуу-өндүрүштүк цехтер, устаканалар, компьютердик класстар, китепкана, жатакана, спорттук жана чоў жыйын залдар бар.
Колледж эл аралык уюмдар (GIZ, АБР ж.б.) менен тыгыз кызматташат, дуалдык окутуу жана академиялык мобилдүүлүк долбоорлоруна активдүү катышат.
Документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 1-июлунан 30-августуна чейин.
Толук маалыматты www. ktec.kg сайтынан алсаўыздар болот.
Окутуунун бюджеттик жана контракттык негизинде 9-11-класстарды аяктаган окуучулар төмөнкү адистиктер боюнча кабыл алынат:
- Нан, кондитер жана макарон азыктарынын технологиясы;
- Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы;
- Шарап жасоонун жана ачыткыч өндүрүшүнүн технологиясы;
- Өнөр жай жабдууларын монтаждоо жана техникалык эксплуатациялоо жана сантехникалык түзүлүштөр (тармактар боюнча);
- Электр менен жабдуу (тармактар боюнча);
- Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан башкасы);
- Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо;
- Эсептөө техникасынын каражаттарын техникалык тейлөө жана компьютердик тармактар;
- Салыктар жана салык салуу;
- Экономика жана бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча);
- Банк иши;
- Коомдук тамактанууда тейлөөнү уюштуруу;
- Кесиптик окутуу (Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан башкасы).
ОКУТУУНУН МӨӨНӨТҮ:
2 жыл 10 ай (негизги жалпы билим берүүнүн базасында)
1 жыл 10 ай (орто жалпы билим берүүнүн базасында)
Кирүү үчүн документтер:
— Абитуриенттин арызы;
— Аттестат (билими тууралуу күбөлүк);
— Паспорт же инсандыгын ырастоочу
башка документ;
— Сүрөт 3х4 (6 шт.).
БИЗДИН БАЙЛАНЫШТАР:
Кыргыз Республикасы,
Кара-Балта шаары,
Кожомбердиев көч., 95
Телефон: +996 553 58-85-33
Сайт www.ktec.kg
Комментарийлер