ӨМҮРДҮН ӨТӨЛГӨЛҮҮ ЖЫЛДАРЫ

  • 21.11.2017
  • 0

40 жылга чукул билим берүү тармагында эмгек өтөп келаткан Бедил Мешкенович Кадыркулов жакында эл ортону 60 жаш мааракесин белгилеп,  “мыш доорунун” астанасын аттап, “мыш бирге” кадам коюп олтурат.

ӨМҮРДҮН ӨТӨЛГӨЛҮҮ ЖЫЛДАРЫ

Ал кыргыз элинде тээ алмуздактан тарта Алтын-Чөйчөк деген укмуштуу да, даңазалуу да аталышка ээ болгон, өрөөндүн тегерегин бүт аска-тоолор курчаган, жайы ысыгынан Ош менен Жалал-Абаддагыдай коон менен дарбыз өскөн, кышы кычыраган суугунан улам тү деген түкүрүк жерге тоңуп түшкөн, тоосунда кайберен жайнаган, түсүндө бышыкчылык кайнаган, бак-шагында булбул-күкүк сайраган, кызыл жүздүү эли кыштыр-жайдыр кара куурдакка (сары май кошулуп ысытылган бозо) көнгөн, базарына жайында Жалал-Абадга, бел буулганда Бишкекке каттаган, буркан-шаркан түшкөн Нарын дайрасы агып өткөн, ачык асман алдындагы дүйнөгө белгилүү Саймалуу-Таш коругу жайгашкан, балбанынан баатыры, сулуусунан чүрөгү көп, эр көкүрөк жигитке, кундуз сымал селкиге бай, асман тиреген ашуулар менен гана ашып жете ала турган  атактуу Тогуз-Торонун кулуну болот. Айылынын аты-Арал. Мына ушул тоо түбүндөгү айылдын чаң чыккан көчөсүндө даң сала чуркап жүрүп алтын балалыгын өткөргөн. Тоо жериндеги айылда өскөн курбуларындай эле кой айдап, уйдун кезүүсүн кайтарган, атасынын минген атын аркандаган, кетмен көтөрүп калганда суунун кезеги келгенде огородун сугарган, чөп чаап-чомологон, үй оокатынын ыңтайы келгенин жасап, апасына көмөк көрсөткөн балдардан болуп чоңоюптур. Анан да бала кезинде оюн деген азгырыкка азгырылып, чүкө, чикит, качма топ, “шпион”, жашынмак ойноп жүрүп,  далай жолу музоону жоготуп, уйду кезүүдөн тосуп албай тил уккан күндөрү да болгон экен. Балалык мына ушундай кызыктары менен эсте калат тура!

1974-жылы Арал орто мектебин аяктап, Пржевальск шаарындагы педагогикалык институттун физика факультетине тапшырат. Ал кезде бул шаар асман мелжиген бактары менен кыргыздын кыйырына таанылып турган кези эле. Бедил Мешкенович ошол жылдардагы студенттер “ооруган” окуу, окуу жана окуу менен алпырышууну биринчи орунга коюп, жакшы билим алуу менен катар институттун коомдук иштерине да активдүү катышат. 4 жыл ачып көздү жумганча өтөт да, колуна “физика сабагынын мугалими” деген дипломду көтөрүп алып,  ата конушуна кайтып келет. 21 жаштагы чыкыйган жигит 4 жыл мурун өзү бүтүргөн Арал орто мектебинин физика мугалими катары ишке киришет. Колунда указка, журнал, салабаттуу басып, класска кирет. Журналды ачып, окуучулары менен таанышат. Анан сабагын баштайт. Физика дүйнөсүн көз алдыга алып келет. Аалам кубулуштарын  айтып берет. Ондогон формулаларды жазат. Өзү да, окуучулары да канааттанат. Сабактан тышкары директор менен завуч эмне тапшырма берсе атка жеңил, тайга чактай сызып, бирин да жок дебей аткарат. Мына ушундай жаштайынан иш десе ичкен ашын жерге койгон 22деги жаш мугалимди бир жылдан кийин мектептин директорунун мектептен жана класстан тышкаркы тарбыялык иштер боюнча орун басары кылып дайындашат.  Ого бетер аракет үрөп иштейт. Балдарды тарбыялоонун ар кыл усулдарын окуп үйрөнүп, кечээ эле өзүн окуткан агай-эжейлерине кеңеш катары колдонууну сунуштайт. Баш-оту менен мектеп дүйнөсүнө сүңгүп кирип, 2 жыл эмгек өтөгөнүнөн кийин ал кездеги партиялык замандын турнабайына илинип, элегинен өтүп, кыргыз айткандай  “ушундан бир нерсе чыгат” деген кыяз менен райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги усулдук кабинетке иштөөгө чакырышат. Мына эми Бедил Мешкенович райондун мектептеринин физика мугалимдерине сабак өтүүнүн түркүн сырларын үйрөткөн усулчу катары эмгек өтөй баштайт.  Үч жыл усулчу, дагы үч жыл усулдук кабинет башчысы, кайрадан бир аз убакыт мектепте мугалим, кайра райОНОнун кадрлар боюнча инспектору, улук инспектору болуп иштейт. Мына ушул жылдары Бедил Мешкенович коомдук иш катары билим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетин коомдук башталышта жетектеп калат. Ушул жерде айтып коюучу нерсе, Бедил Мешкеновичтин тармактык профсоюздагы стажысы быйыл 33 жыл болуптур.  Бир жагынан билим берүү бөлүмүнүн бакыйган адиси катары мектеп жетекчилигине жана мугалимдерине талап коюп келсе, экинчи жагынан алардын экономикалык жана социалдык кызыкчылыктарын коргоо вазийпасын аткарып келет. Эки тизгинди алып жүргөнү аяктап, 1990-жылы аны негизги иши райкомдун төрагасы кылып шайлашат да, 3 жыл бул жооптуу да, түйшүктүү да кызматты абийирдүүлүк менен аткарып берет.

Андан кийинки 17 жылдык эмгеги мектеп директорлугу менен байланышкан. Айтканга оңой болгону менен, мына ушул 17 жыл ичинде 3 мектепти башкарып, алардын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп дегендей, бардык жүгүн көтөрөт. Алгач 9 жыл Тогуз-Торо районундагы Казарман орто мектебин башкарат. 2002-жылы турмуш шартына жараша Бишкек шаарына көчүп келет да, билим берүү жана илим министрлигине караштуу республикалык атайын орто мектептин директору болуп иштейт. 2006-2010-жылдары Бишкекке канатташ Сокулук районундагы Раздольное орто мектебин жетектейт.

Кыргыз коомунда “профсоюздун тузу оор” деп коюшат. Анын сыңарындай, Бедил Мешкенович 2010-жылы кайрадан профсоюздук кызматка келди. Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин башкы укук инспектору болуп иштеп калды. Көрсө Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин юридика факультетин сырттан окуп бүтүрүп алыптыр. Азыркы ишине келгенден тартып эле мугалимдердин укуктарын коргоо маселелерине камчы салдырбай киришип кетти. Буга көп жылдар райОНОдо, мектепте жетекчи болуп иштеп келгени жардам бердиби деп ойлойм. Ал БКга кызматка адеп келген учурда мектеп мугалимдерине ишке кабыл алуу жана бошотуу буйруктарын чыгаруу райОНО башчыларынан мектеп директорлоруна өткөрүлүп берилип жаткан учур болуучу. Бир райондо аны дароо эле аткарууга алышса, экинчисинде жедеп көнүп калган райОНО башчылары мындай көрсөтмөгө баш бербей, мурдагыдай эле иштеп жатканда, Бедил Мешкенович алардын ар бирине жагдайды туура түшүндүрүп, “баш бербеген” башчыларды мыйзам жолуна салганына кызматташтары көп ирет күбө болуп келатышат.

Колубузду жүрөгүбүзгө коюп туруп, чындыкты айта турган болсок, республикадагы эң билимдүү тармак деп эсептеле турган биздин билим берүү тармагында жогорку, же атайын орто билимге ээ адистер эмгектенгенине карабастан, эмгек мыйзамдары башка тармактардагыдай эле көп бузулат. Бул дагы коомдун тийгизип жаткан таасириби деген ойлор да жаралып кетет. “Коомдо жашап туруп, андан алыс болууга мүмкүн эмес” деген соцреализм генийлеринин биринин айтканы ушул жерге эп болчудай. Мугалимди кызматка кабыл алууда, бошотууда, эмгек келишимин түзүүдө, жаза колдонууда, эмгек өргүүсүн берүүдө көп билим берүү уюмдарынын жетекчилери мыйзамга эмес, өзүм билемдикке салышат. Алардын кесепетинен ондогон, жүздөгөн мугалимдер жабыркашат. Анан көбү Борбордук Комитетке арызданып келишет. Бедил Мешкенович алардын ар бирин зор ынтаа менен угуп, арыздарын жаздырып алып, жетекчибизге кол койдургандан кийин текшерүүгө барат. Мыйзам жолун көрсөтөт. Баш “толгогон” жетекчилерди жөнгө салат. Акыры арыз ээсинин талабын оң же жок жагына чечип келет. БКдагылар айтышкандай, эмгек укуктары бузулуп, арызданып келген мугалимдердин 80-90 пайызынын укуктары кайрадан калыбына келтирилип жүргөнү анын эмгеги десек болот.

Жана жогоруда каарманыбыздын коомдук иштерге активдүү катышкандыгын айтып кетпедик беле, андай иштеринен айрымдарын атай кетели. Тогуз-Тородо иштеп турганда 3 жолу райондук, 1 ирет айылдык кеңешке депутат болуп шайланган. Далай жолку шайлоолордо участкалык комиссиялардын ишине катышкан. Азыр да коомдук иштерден кур эмес. Мугалимдердин  мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча БКдагы олуттуу иши менен бирге Бедил Мешкенович тасыккан юрист катары жалпы республикалык тестирлөө борборунун талаш маселелерди кароо, билим берүү жана илим министрлигиндеги сыйлыктарды ыйгаруу комиссияларынын, республикалык билим берүү боюнча көз карандысыз аккредитациялык кеңештин мүчөсү милдеттерин да аткарып келатат.

Ак эмгеги ар дайым жогору баалангандыгын СССР учурунда ВЦСПС баштаган абройлуу уюм-мекемелерден алган ардак грамоталары, билим берүүнүн мыктысы төш белгиси, эгемендик жылдарындагы “Манас-1000” мааракелик медалы баш болгон көп сыйлыктары айгинелеп турат. Ал эми эң башкы сыйлыгы- мыйзамдык укуктары бузулуп же тебеленип келген мугалимдердин кайрылуулары оң натыйжа бергенде, алардан айтылган сан жеткис ыраазычылыктар…

Казак элинде “анасы бар адамдар, эш кашан картаймайды” деген накыл кеп бар. Анын сыңарындай, Бедил Мешкеновичтин азыр картаюуга эч кандай “акысы” жок: анткени анын төрүндө төрөгөн апасы балпайган байбиче болуп олтурат. Бедил Мешкенович 60 жашка чыкса да, небак чоң ата болсо да, алтындай болгон апасына дагы эле бала! Ушундай эмгекчил уулду төрөп, кыргыз мугалимдеринин кыйырына белгилүү болгон юристти тарбыялаган апаң ар дайым балдарынын кашында болсун! Өзүңө болсо Алладан узун өмүр, бекем ден соолук, жагымдуу иш, жаркыраган жашоо, небере-чөбөрөнүн каткырыгын тилейм!

Акил АДАМАЛИЕВ, кесиптеши

Бөлүшүү

Комментарийлер