ӨМҮР СЕРЕСИ – ӨРНӨКТҮҮ ЖОЛ

  • 25.10.2021
  • 0

Ак пейили, дилгир мамилеси менен чөйрөсүнө жагымдуу таасир тийгизген жаркын инсандар болот. Эмгегин элге арнап, байсалдуу жолду баскан ОшМУнун доценти Дыйканбаева Тотукан эжейдин уӊгулуу көчтү улантар шакирттерине айтар кебин угалы.

 

Кутман куракка келипсиз! Балалык күндөрүңүздүн элестерин айтып бересизби?

Рахмат. Биздин жаштык совет доорунда өттү. Туулган айылым азыркы Токтогул суу сактагычынын алды жагында кала берген. Кээде ошол кездеги үйүбүз түшүмө кирет…

Ата-энем соода тармагында иштечү. Үч бир туугандын улуусумун. Токтогул районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы мектебинде окудум. Жайкы каникулда бир жылы жайлоого барсак, бир жылы пионер лагеринде эс алчу элек. Бактылуу балалык доорум үчүн ата-энеме чексиз ыраазымын.

— Мугалимдик кесипти кандайча тандап калдыӊыз эле?

— Менин Ош мамлекеттик педагогикалык институттун чет тилдер факультетине тапшыруума мектептеги чет тили мугалими, класс жетекчим Апиза Толтоева себепкер болду. Анын англисче сүйлөгөнү мага керемет сезилчү. Айтмакчы, Апиза эжейимдин кызы, филология илимдеринин доктору, профессор Сабирова Венера Кубатовна учурда биздин чет тилдер жана маданият аралык байланыштар кафедрасын жетектейт.

ОшМУдагы иш-жолуңузду айтсаңыз…

— Бул университетке менин өмүрүм байланган. Эмгек жолумду 1975-жылы факультеттер аралык кафедрасында лаборант болуп иштөөдөн баштаганмын. Ошол мезгилде А.П.Назаров, Л.М.Устянчук, М.Н.Яловицкая сыяктуу күчтүү методисттер, жеке инсандык жана кесиптик сапаттары өтө жогору окутуучулар менен иштештим. Кийин окутуучулук кызматка которулдум. Бул абдан бактылуу учур эле, себеби мен сабак окутуудан ырахат алам.

— Демек, кесип тандоодон адашпаптырсыз.

— Ооба. Өзүмдү башка жумушта элестете албаймын. Сабак аяктагандагы студенттердин “Чоң ыракмат!” деп алкаганы дайыма шыктандырат! Балдардын окууга дилгирлигинен канааттанып, өзүмдү бактылуу сезем. Студенттеримдин ийгилигине сүйүнөм.

— Чет тилин үйрөтүүдө көбүнчө эмнеге таянасыз?

— Мен ушунча жылдан бери сабак берип, мол тажрыйба топтодум. Бирок заманга жараша өзүм да дайыма изденип турбасам болбойт. Окутуу мазмуну канчалык жаӊыланса да, улуттук баалуулуктар эч качан көӊүлдөн сыртта калбашы керек. Ошондуктан эки кесиптешим менен бирге кыргыз мектептеринин 9-класстары үчүн “English – 9” окуу китебин жаздык. Бул китепте жаштарга заманбап билим беруу менен бирге, кыргыз эки, маданияты, каада-салт жана жаратылышы жөнүндөгү эӊ зарыл маалыматтар да камтылды.

Окуган жаштар англис тилин жакшы өздөштүрүү менен эле чектелбей, рухий башатын да биле жүрүшү керек. Заманбап усулдарга негизделген бул китепти Кыргыз билим берүү академиясы жактырып, мектепте колдонууга уруксат берген. Аны мектепте иштеген мугалимдер абдан жакшы кабыл алышты.

Биз үчөөбүз мектеп окуучулары үчүн “English for beginners” (кенже жаштагы балдар жана мектепке чейинки мекемелер үчүн окуу-усулдук колдонмо), “Learning and Teaching materials – I”, “Learning and Teaching materials – II” (ЖОЖдордун педагогикалык адистерди даярдоочу факультеттери үчүн окуу китеп), “A Guide for young Teachers” (жаш окутуучулар жана практиканттар үчүн колдонмо) аттуу эмгектерди жаздык. Алар тажрыйбада ийгиликтүү колдонулуп келе жатат.

Ошентип, өзүбүз сабак берип, тажрыйба топтоп, кесиптештер менен бөлүшкөндөн да рахат алабыз.

ӨМҮР СЕРЕСИ – ӨРНӨКТҮҮ ЖОЛ

dav

— Окутуучулук кызматыңызда өзгөчө таасир калтырып, толкунданткан окуялар болду беле?

— Албетте, мындай окуялар көп эле болгон. Мисалы, 2015-жылы эрте жазда “Салыштыруу жана эл аралык билим берүү” (CIES) конференциясына катышуу үчүн “Орто мектептерде окуу китептеринин көйгөйлөрү, басып чыгаруу маселелери” деген баяндамабыз жактырылып, сынактан өтүптүр. Атайын онлайн суроолорго да жооп бердик. Ошентип, биз, филология илимдеринин кандидаты, доцент Сурма Сейитбекова менен АКШнын борбор шаары Вашингтонго сапар алдык.

Дүйнөнүн ири илимпоздору жана адистери катышкан жерде баяндама окуп жатып, көзүм тааныш көздөргө кадалды. Ал жерде ОшМуга мурдараак Америкадан келип сабак берип кеткен Алисон Освальд (Alison Oswald) деген америкалык адисти көрүп, абдан таӊ калып сүйүндүм. Алыс жерде ошондой таанышыӊды көргөндө, бир тууганыӊды көргөндөй болот экенсиӊ. Мен баяндама окуп баштаганда эле угуп отурган экен, көргөндө таӊ кала карадым. Ал менин сөздөрүмдү кунт коё тыӊшап, колдоп отурду.

Көрсө, Алисон конференциянын программасынан тааныш фамилияны көрүп, атайын келиптир. Мен үчүн да, ал үчүн да бул жолугушуу күтүүсүз, таасирдүү болду.

Ал учурда Алисон Ооганстанда англис тилин окутуп жүргөн экен. Биздин университетте иштеген кезде бири-бирибизден көп усулдарды үйрөнгөн элек. 2004-жылы Алисон менен дагы алты окутуучу чогуу “Англис тилин окутуунун методикасы” деген чоң китеп жазганбыз. Ал китебибиз дүйнөнүн ар кандай региондорунда колдонулуп жатат. Доклад окуп бүтүп, Алисон менен көп убакыт чер жаза сүйлөштүк.

— Эми студенттер менен болгон мамилениз жөнүндө сөз кылалы. Мисалы, сиз мүнөзү оор, ачуусу чукул, түнт студенттер менен кантип тил табышып, кантип окутасыз?

— Өкүнүчтүүсү, андай жаштар бар. Англис тилин такыр билбегендиктен чүнчүп, өзүн ыңгайсыз сезип, такыр сабак окугусу келбей калган студенттер да кезигет. Мындай кырдаалда алардын тил үйрөнүүсү үчүн дем берүүчү сөздөрдү айтып, эркин болуусуна шарт түзөм. Тилди жакшы билген студенттерге аралаштырып, жуптарда, топтордо иштетем. Алардын көбүрөөк сөзгө аралашуусуна көңүл буруп, сүйлөтөмүн.

Мугалим балага энесиндей эле мээримдүү болушу зарыл. Эгерде биз сүрдүү көрүнүп, студенттен же окуучудан өзүбүздү өйдө койсок, анда алар сүйлөгөндөн, суроо бергенден тартынат, ката кетирип алам деп корко берет.

Мен студенттерди айлана-чөйрө менен, кыргыз маданияты менен тааныштырып окутам. Айрым окутуучулар бир китепке байланып, ошонун чегинен чыкпайт. Бул туура эмес, албетте. Студенттерге: “Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөр силерден Улуу Британияны сурабайт, Айтматовду, Токтогулду сурайт, жаратылышты сурайт, каада-салтыбызды сурайт, шаарыбыздын көчөлөрүн сурайт дейм. Андыктан улуттук баалуулуктарыбызды билишиңер зарыл деп, сабакта ушул маселелерге басым жасаймын.

— Байдын же чоңдун балдарына же эч кимди көзүнө илбеген студенттерге кантип мамиле кылса болот?

— Бул бүгүнкү күндүн оор суроосу. Анткени бүгүн акча табууга караганда аны жок кылуу оңой. Мына ушундай заманда балдар ата-эненин тапкан акчасына манчыркап, коомго, жашоого карата көз карашы өзгөрүп баратат.

Бир гана материалдык байлыкка байланып калбагыла деп, студенттерге англис-америкалык классиктердин чыгармаларын окутам. Андагы каармандардын жашоосун талдатамын же өзүбүздүн эле турмуштагы адамдарды жупуну жүрүп, кандай даражага жеткендигин, ал эми рухий дөөлөттөрдөн куру калгандар үй-бүлөсүн сактай албай, кырсыкка учурагандыгын мисал келтиремин. Турмуштун түркүн сыноолорунан татыктуу өтүш үчүн инсандык сапаттарды өнүктүрүү зарылдыгын өз алдынча ойлонуп түшүнүшүүсүнө багыт берем.

Бүгүнкү күндө Россияда иштеп жүргөн жаштарыбыздын тагдырлары да ойлонтот. Анткени ажырашуулардын саны көбөйдү, а кесепети наристелерге тийди. Ата-эненин мээримин, дилгир таалимин акча менен баалоо мүмкүн эмес. Ашыкча эркелетип, машине мингизүү, колуна тутамдап акча карматуу менен балдарды бактылуу кыла албайбыз. “Байлык – мурат эмес, жоктук – уят эмес” деген макал бар го. Материалдык дөөлөт башкы максат эмес, бактылуу болуунун бир таянычы гана болорун унутпашы керек жаштар.

— ЖОЖду бүтүргөн бүтүрүүчүлөр азыркы учурда окуган адистигинде иштөөгө канчалык даяр?

— Ооба, бул дагы чоң маселе. Мен мугалимдердин билимин өркүндөтүүчү институтта да иштеп калдым. Айылдык мектеп жетекчилеринен ушул маселени кантип чечесиӊер деп сурадым. Кара-Кулжадан келген бир деректир мындай жооп берди: “Мектепте орус тилчи мугалим жок эле. Мына ошондо бир үйлөнө турган жигитти орус тилчи мугалим кызга үйлөн деп көндүрдүм”.

Эми бул турмуштук кырдаал. Бирок дайым эле маселе мындай жол менен чечилбейт. Биз окууну жаңыдан бүтүп келген адиске жакындан жардам беришибиз зарыл. Албетте, усулдук жардамдан башка пайдалуу колдонмолорду, атайын адабияттарды сунуштап, алардын үйрөнүүсүнө шарт түзүшүбүз абзел. Келген адисти даяр эмес деп кабыл албасак, анда биздин ишти ким улантат? Демек, жаштарга жол көрсөтүү – дасыккан мугалимдердин, окутуучулардын милдети.

— Сиз менен маектешип олтуруп, мугалимдик кесиптин улуулугун, анын баркы эч качан түшпөстүгүн дагы да сездим. Анткени сиз чыныгы мугалим, чыныгы устатсыз. Дагы да көптөгөн жаштарды окутуп, узак өмүр сүрүӊүз!

— Рахмат! Элибиз менен аман бололу.

 

Устаттын ар бир сөзүнө таасирленип, мугалимдик кесиптин ушунчалык ыйыктыгын сезип, ушул устатыбыздан билим алганыма, кесиптеш болгонума ыраазы болуп кетип бараттым.

 

«Унчукпай жааган ак кардай”

 

деп акын Карбалас Бакиров эч каякка жар салбай эле жакшылык иштерди кыла жүргөн адамдарды жазган эмеспи. Ошондой замандаштардын бири да – Тотукан эже. Мисалы, Жерге-Тал менен Мургаптан келип окуп жаткан студенттерге энелик мээримин салып, кез-кезде тамак-аш жеткирип же азыраак болсо да акча бере калган адатын билебиз.

 

Сүрөттөрдө: 1. “Өзүӊдү студенттин ордуна коё бил”. 2. Эл аралык илимий форумда, кесиптештери менен.

 

Бактыгүл Байтикова, педагогика илимдеринин кандидаты, ОшМУнун доценти

Бөлүшүү

Комментарийлер