“МҮМКҮНЧҮЛҮККӨ ЖАРАША” БИШКЕКТЕГИ ОКУУ КИТЕП МАСЕЛЕСИ
- 16.08.2024
- 0
Саналуу күндөрдөн кийин жаңы окуу жылы башталат. Ошондуктан Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын директору Рахат Мусаева жаңы окуу жылында шаардагы мектептерди китептер менен камсыз кылууга аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.
— Мүмкүнчүлүккө жараша мектептерге китеп алып берип жатабыз. Бул боюнча жергиликтүү бюджеттен китеп алууга каражат бөлүнөт. Министрликте он үч аталыштагы гриф берилген китептерди “Учкун” акционердик коомунда басууга бердик. Алар сентябрга чейин басып берүүгө аракет кылып жатышат. Биз ал китептерди мектептерге таратып баштайбыз. Бирок шаардагы мектептерде окуучулардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу, баарын окуу китеби менен толук камсыз кылабыз деп кепилдик бере албайбыз. Мурункудай эле окуучулар китептерди ижарага алышат. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу чыгат. Ошонун негизинде китептер ижарага берилет, -деди Рахат Мусаева.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер