МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕНДЕРДИ ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУДА БОСОГО БАЛЛ ТӨМӨНДӨТҮЛДҮ

  • 08.07.2021
  • 0

Билим берүү жана илим мирнистрлиги, Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын, Кыргыз Республикасында инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү концепциясынын жана программасынын ченемдерин ишке ашыруу, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жогорку билим алууга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, өлкөнүн жогорку окуу жайларына тапшырууда I жана II топтордогу майыптыгы бар адамдарды медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден башкасына кабыл алуудагы босого баллды төмөндөттү.

Ошентип, гранттык орундарга босого балл – негизги тест боюнча 100 балл, акы төлөп окутуунун бардык формаларына босого балл – негизги тест боюнча 95 балл деп белгиленди.

Белгилей кетсек, азыркы билим берүү системасы инсандын жекече билим алуу муктаждыктарына дал келүүгө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды окутууга бирдей мүмкүнчүлүктү камтыган инклюзияны өнүктүрүүгө багытталган.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер