ӨЛКӨДӨ МЕКТЕПТЕРДИН ДЭЭРЛИК БАРДЫГЫ ИНТЕРНЕТКЕ ТУТАШТЫ
- 14.02.2025
- 0
14-февралда болуп өткөн Билим берүү жана илим министрлигинин кезектеги коллегия жыйынында өлкөнүн мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринин 97,5% интернетке туташтырылганы, бул 2023-жылга салыштырмалуу 5,2% көп экени айтылды.
Ушуга улай коллегия жыйынында биринчи жолу мугалимдер үчүн ноутбук сатып алууга 678 млн.сом бөлүнгөнү белгиленди. Кошумчалай кетсек, бул ноутбуктар биринчи иретте STEM предметтери боюнча мугалимдерге берилмекчи.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер