Өлкөдөгү табигый кубулуштардан пайда болчу кооптуу аймактар изилденет

  • 11.08.2023
  • 0

ӨКМге караштуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү департаменти өлкө аймагында табигый кубулуштардан пайда болчу кооптуу аймактарды изилдейт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындай изилдөөнүн негизги максаты – келечекте сел каптоонун алдын алуу, табигый кырсыктарды болтурбоого жардамын берет.

ӨКМдин маалыматына караганда, Кыргызстанда сел жана суу ташкындарынын көп болушу, келтирилген зыяндын жалпы көлөмү жагынан кооптуу жаратылыш кубулуштарынын ичинен биринчи орунда турат. Өлкөдө жылына орто эсеп менен сел жана суу ташкындарына байланыштуу 73 сел жүрүү катталган. Анын 6 учуру өзгөчө кырдаал деп катталган.

Үстүбүздөгү жылдын август айынын биринчи он күндүгүндө Кыргызстандвн аймагында 10дон ашык катуу сел катталды.  7-августта Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Корумду, Көөчү, Талды-Суу айылдарында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, айыл чарба талааларын, короо-сарайларды суу каптап, чарбалык көпүрөлөрү бузулуп, олуттуу материалдык зыян келтирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер