ӨЛКӨДӨГҮ БИР КАТАР МЕДИЦИНАЛЫК ЖОЖДОРДУН ЛИЦЕНЗИЯСЫН АЛУУ СУНУШТАЛДЫ
- 11.02.2022
- 0
Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова Кыргызстандын бир катар медициналык жогорку окуу жайларынын лицензиясын алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-февралда өткөн брифингде билдирди.
“Тыюу салуулар коррупцияны токтото албайт, ошондуктан биз тыюу салуу менен маселени чече албайбыз. Биз колдоно турган бир гана жол – бул минималдуу лицензиялык талаптарга туура келбеген университеттердин лицензияларын жокко чыгаруу”, — деди башкы катчы.
Муканова медициналык факультеттери бар 22 ЖОЖдун ичинен сегизинин эл аралык каттоосу бар экенин кошумчалады.
Бөлүшүү
Комментарийлер