Өлкөдө акыркы бир сутканын ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

  • 27.09.2023

Өлкөдө акыркы бир сутканын ичинде 16 өрт кырсыгы катталды

Кыргызстандын аймагында акыркы бир сутканын ичинде 16 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 2;
  • Ош облусунда – 3;
  • Чүй облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 2;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1 өрт катталды.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.

Бөлүшүү