Өлкө боюнча дем алышта 20 өрт кырсыгы катталды
- 02.10.2023
- 0
Өлкө боюнча дем алышта 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 6, Чүй облусунда 4, Ош шаары 3, Жалал-Абад облусу 2, Бишкек шаары 1, Баткен облусунда 1,Ысык-Көл облусу 1, Талас облусу 1, Нарын облусунда 1 өрт кысыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган.
Алсак, Ош шаарынын Дача тилкесиндеги Верхне-Нагорная көчөсүндө жыгач устундуу тыныке менен жабылган эки кабаттуу турак үйдүн 70 чарчы метр ички жасалгасы жана тиричилик буюмдар толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Сокулук районундагы Күн-Туу айылында жол жээкте “Volkswagen” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрт бөлүм жеткенге чейин өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Алай районунун Гүлчө айылында чарайда 1 тонна чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Комментарийлер