ӨЛКӨ БОЮНЧА 81 МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ
- 15.09.2026
- 0
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык 2026–2027-жаңы окуу жылына карата жалпы республика боюнча 81 мектепте курулуш жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери толук аяктап, окуучулар үчүн эшигин ачты. Мунун ичинен 40 билим берүү объектиси жаңыдан курулса, ал эми 41 мектепте капиталдык оңдоп-түзөө иштери ийгиликтүү жүргүзүлдү.
Билим берүү мекемелеринин аймактар боюнча бөлүнүшүнө токтолсок, эң көп мектеп Жалал-Абад облусунда ишке берилди — 26 объект. Андан кийин Нарын облусунда — 13, Ысык-Көл облусунда — 11, Бишкек шаарында жана Ош облусунда — 9дан, Баткен облусунда — 5, ошондой эле Чүй жана Талас облустарында 4төн объект колдонууга берилген.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Бишкек, Ош жана Манас шаарларында курулуп жаткан дагы 36 жаңы мектепти пайдаланууга берүүгө даярдык иштери кызуу жүргүзүлүүдө.
Курулуш министрлиги тарабынан билим берүү объектилерин куруу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин сапатына, алардын белгиленген мөөнөттө аякташына жана окуучулар үчүн толук кандуу, заманбап шарттардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп жатканы маалымдалды.
А.К., «КБ»