ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ КУРУЛТАЙГА ЭКИ КҮН БОЮ КАТЫШАТ

  • 15.12.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Экинчи элдик курултайда мазмундуу сөз сүйлөдү.

ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ КУРУЛТАЙГА ЭКИ КҮН БОЮ КАТЫШАТ

Өлкө башчысы алгач Баш мыйзамда белгиленген мыйзамга ылайык өз ишин баштап отурган Экинчи элдик курултайдын катышуучуларын кызуу куттуктады.
— Бүгүнкү жыйынга калк арасынан атаандаштык жолу менен элдик эң мыкты өкүлдөрү шайланып келип отурат. Өз өлкөмдүн өнүгүүсүнө салым кошоюн деп чет өлкөдөн келген мекендештерибизге да  ыраазычылык билдирем. Сиздер элдин үнүн угабыз, ойлорун бийликке жеткиребиз деп келдиңер! – деди президент катышуучуларга кайрылып.
Андан аркы сөзүндө мамлекет башчысы өткөн жылы ноябрда болуп өткөн Биринчи элдик курултайдын тарыхый ордуна кайрылды.
— Өткөн курултайда делегаттардан 3182 суроо талап түшкөн. Алардын басымдуу бөлүгү аткарылды. Аткарылбай калгандарын тактап,  иликтеп, тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна коёбуз, — деп айтты.
Президенттин сөзүнө караганда Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 1 триллион сомго жетти.
— Бул экономикалык саясатыбыз туура жүргүзүлгөнүнөн кабар берет.Тышкы карыздар да төлөнүүдө. Алдыдагы он жылда жакырчылыкты 90 пайызга жоюп калабыз. Экономикада бир топ жылыштар бар.
Өлкөбүздү азык-түлүктүн беш түрү менен өзүбүз камсыз кылууга жетиштик — деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент андан аркы сөзүндө чек ара мамилесине токтолду.

— Чек ара боюнча чейрек кылымдан бери топтолгон маселелер чечилди. Өзбекстан менен чек ара толук такталды. Тажикстан менен чек ара дагы да такталууда, – деди ал.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер