ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ ЭКИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ 

  • 16.12.2023
  • 0

Бүгүн, 16-декабрда, президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан Экинчи элдик курултайдын ишин жыйынтыктап, эки күн боюу чыгып сүйлөгөн делегаттардын суроолоруна жооп берди.

ӨЛКӨ БАШЧЫСЫ ЭКИНЧИ ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ИШИН ЖЫЙЫНТЫКТАДЫ 

Мамлекет жетекчиси Экинчи элдик курултай карапайым элдин үнүн бийликке жеткирген эң мыкты аянтча болгонун баса белгилеп, тоолуу өлкөбүздүн туш тарабынан келген делегаттарга үзүрлүү эмгеги үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.

— Өткөн жылы чыгып сүйлөгөн делегаттардын дээрлик бардыгы мектеп, бала бакча жоктугун, жолдун начардыгын айтып жатышты эле, быйылкы курултайда бул маселелерди көтөргөн делегаттар аз болду. Экинчи курултайда көпчүлүктү түйшөлткөн маселе — таза суу, сугат суу көйгөйү. Аны да буюрса алдыңкы жылдарда чечебиз, — деди президент.

Өлкө башчысы мамлекеттин эң чоң байлыгы бул анын эли, ал эми элдин эң зор байлыгы бул анын ынтымагы экенин баса белгиледи.

— Мен 55ке чыктым. Үйдө отурсам да өлкөбүздө тынчтык, элибизде ынтымак болсо экен дейм. Балдарыбыздын келечеги кең болсо экен дейм, — деп Садыр Жапаров жалпы элди ынтымакка чакырды.

Андан кийин Садыр Жапаров суроолорго жооп берүүгө өттү. Делегаттар президенттин өз оозунан коомчулукту көптөн бери түйшөлткөн мамлекеттик тууну өзгөртүү,  чек араны бекемдөө, ККМди киргизүү, айыл аймактарын ирилештирүү, ГЭСтердин курулушу, коррупцияга каршы күрөш, мугалимдердин укугун коргоо жана башка өлкөнүн ички-тышкы маселерин камтыган түйүндүү суроолорго ынанымдуу жоопторду алышты.

Кадамжай шаарынан делегат Малик Мырзамамыт экинчи курултайдын жогорку деңгээлде өттү деп эсептейт.

— Биздин президентке ыраазычылыгымды билдирем! Курултай мыкты уюштурулду. Мындайды көрө элек элем. Министрлерден бери мында чакырып, көйгөйлөрдү жеринде айтып жеткирүүгө шарт түзүлдү. Делегаттарга чыгып сүйлөп, өз оюн айтууга жакшы мүмкүнчүлүк берилди, – дейт делегат.

Баса, жакында Президент Садыр Жапаров кадамжайлык делегат мүчө болгон «Алга кадам каналы» коомдук бирикмесинин  каналды куруу демилгеси менен таанышып, 100 млн сом бөлүп берүүнү убада кылган. Элдин жеке салымы да  мында — 100 млн сом.
P.S. Ушул эле күнү жыйындын резолюциясы кабыл алынып, Экинчи элдик курултай өз ишин аяктады.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер