ӨЛКӨ БАШЧЫ ДИНИЙ ИШТЕР БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯНЫН ДИРЕКТОРУН КАБЫЛ АЛДЫ

  • 08.01.2018
  • 0

Өлкө башчы  Сооронбай Жээнбеков Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу, өлкөдө толеранттуу конфессиялар аралык мамилелерди орнотуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттер талкууланды.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы жылдары дүйнөдө коомду радикализациялоо жана экстремисттик, террористтик идеяларды таркатуу максатында диний чөйрөнү колдонуу өнөкөтү күчөп жатканын жана бул көрүнүш Кыргызстан үчүн да коркунуч туудурганын белгиледи.

  • Калктын диний чөйрөдөгү билим деңгээлин жогорулатуу боюнча жумушту күчөтүп, бардык медреселерде жана башка диний билим берүү мекемелеринде бирдиктүү окутуу программасы ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Бул максатта Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия диний уюмдар, Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы, аймактардагы бийлик өкүлдөрү, “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду менен өз ара аракеттенишүүнү активдештирүүгө тийиш. Салттуу диндин негиздерин калкка жеткирүү керек, – деп белгиледи Президент.

Ал диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат светтик мамлекеттин принциптерине таянып жүргүзүлүшү зарыл экендигин баса белгиледи.

Президент ошондой эле диний уюмдардын жана окуу мекемелеринин реестрин түзүп, диний радикализмдин таркашын алдын алуу максатында алардын каржылык жана башка ишмердигин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов 2014-2020-жылдарга карата Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча маалымат берди.

 

Ал билдиргендей, учурда өлкөнүн диний чөйрөсүн жөнгө салган мыйзамдардын базасын жакшыртуунун үстүндө жумуш жүрүп жатат. Мындан тышкары өлкөдөгү диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

— Биздин негизги милдеттерибиздин бири – бул калктын жана диний ишмерлердин өздөрүнүн диний билимин жогорулатуу. “Ыйман” фонду менен биргеликте акыркы үч жылда 2500дөн ашуун имам окутулду, — деп билдирди Зайырбек Эргешов.

Ошондой эле диний экстремизмдин алдын алуу максатында 2017-жылы Диний иштер боюнча мамлекеттик комиссия 500дөн ашуун иш-чара тренингдерди, семинарларды жана эл аралык конференцияларды өткөргөн.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер