ӨЛКӨБҮЗДӨ ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ИШКЕ АШУУДА

  • 26.02.2020
  • 0

Жыл жыйынтыгын талкууга алган Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков республикада инклюзивдүү билим берүүнү ишке ашыруу боюнча арымдуу аракеттер жасалып жатканын белгиледи.

ӨЛКӨБҮЗДӨ ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ПРОГРАММАСЫ ИШКЕ АШУУДА

— Бизде «Инклюзивдик билим берүүнү 2019-2023 – жылдары өнүктүрүү концепциясы» кабыл алынды. Ушул концепцияга ылайык «Инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү программасы» иштелип чыгып, аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы бекитилди, -деп айтты Каныбек Исаков.

Колдогу маалыматтарга карасак,  2019-жылы жалпы билим берүү мектептеринде үч коррекциялык класстар ачылып, аларга 47 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тартылган. 2019-жылдын сентябрь айынан баштап, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институттарында инклюзивдик билим берүү боюнча атайын программадагы курстар ачылган. Өлкөбүздөгү 14 атайын мектептерде 2534 мүмкүнчүлүгү чектелген бала билим алууда.

— Балдарды үйдө индивидуалдуу окутуу жобосу иштелип чыгып, учурда 1353 бала өз үйлөрүндө окутулууда, — деди министр.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер