ЛИТВАГА 5 КҮНДҮК ОНЛАЙН СТАЖИРОВКА БАШТАЛДЫ

  • 09.12.2020
  • 0

8-декабрда Кыргызстандын мектепке чейинки билим берүү адистеринин жана эксперттердин Литвага 5 күндүк онлайн стажировкасы башталды.

Онлайн стажировканын ачылышында Литванын Билим берүү, илим жана спорт министри Юргита Шюгждинене жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.С. Джусупбекова сүйлөдү.

Стажировкa «Масштабдык перспективасы менен эрте куракта балдарды окутуунун жана өнүктүрүүнүн сапатын жогорулатуу» (БЕЛДСИ) демилгесинин жардамы менен жүргүзүлүүдө. Билим берүү кызыкчылыгында глобалдык өнөктөштүк (GPE) жана ЮНИСЕФ  ушул демилгенин өнөктөштөрү. Бул стажировканы Билим берүү демилгелерин колдоо фонду тарабынан уюштурулууда.

Аталган демилге системалуу интеграциялоодо мектепке чейинки билим берүүнү пландоо процесстерине билим берүү секторун жана потенциалын арттырууга, билим берүү системасын натыйжалуу пландоо жана ишке ашыруу, мектепке чейинки билим берүү программаларынын сапаттуу ишке ашырылышын камсыздоого багытталган.

Кыргызстанда BELDS ишмердүүлүгү мектепке чейинки билим берүүнү пландоо процесстерине билим берүү секторун киргизүү жана МЧБУнун тутумун бекемдөөгө, сапатын жогорулатууга өз салымын үчүн кошуп келет.

Стажировканын негизги максаты – Литва Республикасынын мектепке чейинки билим берүү тутумундагы педагогикалык, башкаруу тажрыйбасы жана алдынкы практикалар менен таанышуу, ошондой эле мындан ары Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү секторун өнүктүрүүнүн багыттарын өркүндөтүү траекториясын куруу үчүн жол картасын түзүү.

Стажировкада 20 ашык мектепке чейинки билим берүү боюнча мамлекеттик сектордун жана ар кандай билим берүү уюмдардын адистери, эксперттер жана консультанттар катышат.

Стажировканын негизги маселелери:

  • Мектепке чейинки билим берүүнү башкаруу саясаты жана стратегиясы;
  • Инклюзивдик билим берүү;
  • Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү;
  • Литвада мектепке чейинки уюмдарды каржылоо механизмдери;
  • Мектепке чейинки билим берүү адистерин даярдоо механизмдери.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер