ЛИЦЕНЗИЯЛЫК ТАЛАПТАР САКТАЛУУГА ТИЙИШ

  • 26.02.2020
  • 0

Өткөн жылы 1286 билим берүү программалары боюнча 467 билим берүү уюмдарына лицензия берилген. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин 26-февралдагы 2019-жылдын жыйынтыгын караган коллегиясында айтылды.

Коллегияда сүйлөгөн сөзүндө Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков контингенттин көбөйүшүнө байланыштуу 28 билим берүү уюмуна 447 билим берүү программасы боюнча лицензия кайрадан берилгенин, ошол эле учурда бир топ мекемелер лицензия албай калышканын айтып өттү.

— Биз алты бала бакчасына, тогуз мектепке, беш кесиптик лицейге, 22 колледжге, 18 жогорку окуу жайына жана 60 кошумча билим берүү мекемесине, жалпысынан 120 билим берүү уюмдарына 313 билим берүү программалары боюнча лицензия берүүдөн баш тарттык, — деди министр.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер