ЛИЦЕНЗИЯ: АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ОКУУЧУЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ КАЙРЫЛДЫ

  • 11.08.2026

Жаңы окуу жылынын алдында Агартуу министрлиги ата-энелерди баласын жеке менчик мектепке берүүдөн мурун окуу жайдын лицензиясын текшерүүгө чакырды.

ЛИЦЕНЗИЯ: АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ ОКУУЧУЛАРДЫН АТА-ЭНЕЛЕРИНЕ КАЙРЫЛДЫ

Министрлик билим берүү мекемеси тандаган окутуу формасы боюнча (күндүзгү, сырттан же экстернат) жарактуу лицензияга ээ болушу керектигин белгиледи.

Лицензиянын бар-жогун министрликтин расмий реестринен текшерүүгө болот. Эгер күмөн жаралса, жергиликтүү билим берүү бөлүмүнө кайрылуу сунушталат.

Министрлик мындай кадам балдардын сапаттуу билим алуу укугун коргоого жардам берерин белгиледи.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү