«Кыргызстанга кайтып келүүгө тийиш». Президенттин «Эл үмүтү» стипендиясын алуу шарттары өзгөрдү
- 16.10.2026
- 0
КР Министрлер Кабинети «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын алган студенттердин милдеттерин тактаган жаңы токтом кабыл алды. Ага ылайык, чет өлкөдө окуусун аяктаган стипендиаттар Кыргызстанга кайтып келип, алган билимин өлкөнүн өнүгүшүнө жумшоого тийиш.
Жаңы талаптар мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана чет өлкөдөн билим алган жаш адистердин Кыргызстанга салым кошуусун камсыз кылуу максатында киргизилди.
Жаңы талаптар эмнелерди камтыйт?
Кыргызстанга кайтып келүү. Окуусун аяктаган бүтүрүүчү үч айдын ичинде мекенине кайтып келүүгө милдеттүү.
Кеминде беш жыл иштөө. Бүтүрүүчү окуусун аяктагандан кийин кеминде беш жыл мамлекеттик органдарда, муниципалдык мекемелерде же мамлекеттин катышуусу бар ишканаларда иштеши керек.
Өз адистиги боюнча иштөө. Бүтүрүүчү алган билими боюнча эмгектенүүгө тийиш. Бирок өлкөнүн кадрларга болгон муктаждыгына жараша тиешелүү министрлик башка иш багытын аныкташы мүмкүн.
Жыл сайын отчет берүү. Стипендиаттар өздөрүнүн иштеп жатканын жана келишимдеги талаптарды аткарып жатканын тастыктаган документтерди жыл сайын тапшырат.
Милдеттер аткарылбаса, каражатты кайтаруу. Эгер бүтүрүүчү жүйөлүү себепсиз келишимдин шарттарын аткарбаса, мисалы, окуусун өз алдынча токтотсо же белгиленген мөөнөттө иштөөдөн баш тартса, мамлекеттин окууга, жашоого жана жол киреге жумшаган чыгымдарын кайтарып берүүгө милдеттүү болот. Бул талап келишимде жана мыйзамдарда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Кр Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусуна жана келишимдик милдеттенмелеринин аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Жаңы талаптардын негизги максаты — чет өлкөдөн сапаттуу билим алган жаш адистердин тажрыйбасын Кыргызстанды өнүктүрүүгө пайдалануу. Бул мамлекеттик башкарууну, илимди, билим берүүнү жана экономиканын башка маанилүү тармактарын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылууга багытталган.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
К.А. «КБ»