КУАУ МЕНЕН «ОАЗИС АГРО» КЫЗМАТТАШТЫК МЕМОРАНДУМУНА КОЛ КОЮШТУ

  • 16.10.2026

14-октябрда К.И. Скрябин атындагы КУАУ менен «Оазис Агро» компаниясынын ортосунда кызматташтык меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү.

Бул макулдашуунун негизги максаты — жогорку билим берүү менен экономиканын реалдуу секторунун ортосундагы байланышты бекемдөө, университет менен компаниянын ортосунда өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү, ошондой эле квалификациялуу адистерди даярдоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.

Кызматташтык университет менен компаниянын ортосунда туруктуу байланыштарды өнүктүрүүгө, жогорку окуу жайдын билим берүү потенциалын бизнестин практикалык тажрыйбасы менен бириктирүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Мындай өнөктөштүк университеттин студенттери үчүн өзгөчө мааниге ээ, анткени компания менен өз ара аракеттенүү окутуунун практикалык бөлүгүн кеңейтүүгө, кесиптик чөйрөнүн заманбап талаптары менен таанышууга жана теориялык даярдык менен келечектеги эмгек ишинин ортосундагы байланышты бекемдөөгө шарт түзөт.

Меморандумга К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин тарабынан ректор Нурзат Тотубаева, ал эми «Оазис Агро» компаниясынын тарабынан башкы директор Лунд Майк Джонатан кол койду.

Меморандумга кол коюу К.И. Скрябин атындагы КУАУнун бизнес жана өндүрүш секторунун өкүлдөрү менен кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү кезектеги кадам болуп калды. «Оазис Агро» компаниясы менен өнөктөштүктү өнүктүрүү экономиканын актуалдуу керектөөлөрүнө багытталган жана талап кылынган адистерди даярдоого көмөктөшүүчү билим берүү чөйрөсүн түзүүгө өбөлгө түзөт.

Наргиза ДААНАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү