ЛИДЕР АЙЫМДАР ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ ИШ-ЧАРА
- 12.03.2022
- 0
Жакында Кара-Суу районундагы Топ-Терек негизги мектебинде «Бийликтин бийик баскычында — аялдар» деген темада иш-чара болуп өттү.
7- класстын окуучулары дүйнөдөгү атактуу президент айымдар жөнүндө кызыктуу маалыматтарды даярдап, баяндап беришти.
Аял жетекчилердин арасынан Кристина Фернандес 13 атаандашын жеңип, Аргентинанын президенти болгонун, Либериянын президенти Эллен Джонсон Нобель сыйлыгынын лауреаты аталганын сыймык менен белгилешти.
Ал эми 70 жылдан бери мамлекет башында турган Англиянын ханышасы Елизавета II окуучуларга өзгөчө таасир калтырды. Алардын аткарган иштерине карап, окуучулар президенттердин инсандык мыкты сапаттарын да атап өтүштү.
Мындан сырткары аял, эне жөнүндө акылмандардын учкул сөздөрүн айтып, аларды чечмелеп да беришти.
Иш-чара «Аялзат» ыры менен жыйынтыкталды.
Назира Шайлиева, Кара-Суу району
Комментарийлер