ӨЛГӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН-ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!

  • 03.02.2021
  • 0

Кыргыз совет тилчиси, улуттук туңгуч лексикограф жана лексиколог, филология илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмери Хусеин Карасаевдин туулган  күнүнө  быйыл 120 жыл болду. 

ӨЛГӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН-ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!

120 жылдык маараке урматына жыл башынан тартып бүтүндөй өлкө боюнча иш-чаралар өтүүдө. Бул ирет улуу мударистин урматына анын ысымын алып жүргөн Ысык-Көл лицейи ири иш-чара уюштурду.

ӨЛГӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН-ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!

Маараке эки масштабда белгиленди. Шаардык деңгээлде өткөн иш-чаранын программасы боюнча мектеп окуучулары арасында сынак уюштурулган. “Билимдүүгө дүйнө жарык” аталышындагы сынакта алдыга озуп чыккан окуучулар лицейге чакырылып кызыктыруучу белектерге ээ болушту. Ал эми 1-2-3-орунду утуп алгандарга уюштуруу тобу баалуу белек жана акчалай сыйлык ыйгарышты. Ошондой эле алдыңкы орунду камсыздаган окуучулардын мугалимдери дагы сыйланды.

Ал эми аталган иш-чаранын облустук деңгээлдеги жүрүшү Хусеин Карасаевдин арбагына багышталып куран окутулуп, кан чыгаруу менен башталды. Андан соң иш-чаранын катышуучулары жана лицейдин 9-10-класстагы окуучулары менен Пристань шаарчасындагы Хусейин Карасаевдин эстелиги жана музейинде болушту. Музейдеги сакталып турган буюмдары, улуу инсандын жана анын жубайы Айша Карасаеванын чыгармачылык жолу, эмгектери окуучуларга кенен тааныштырылды.

ӨЛГӨНДӨР ДАҢКТАЛМАЙЫН-ТИРҮҮЛӨР БАРКТАЛБАЙТ!

Бул музей элибиздин көйкашка аалым-насаатчысынын  бараандуу өмүр жолу менен байсалдуу эмгек таржымалын, көөнөрбөс, руханий мурасын, эне тилибиз,илим, маданиятыбыз, адабиятыбыздын өнүгүп-өркүндөшүнө кошкон нар көтөргүс салымын терең изилдеп, үйрөнүүгө, жетилип келаткан жаш муундарды Ата-Журтту сүйүү, жарандык менен мекенчилдикке тарбиялоо ишинде өтө чоң роль ойной тургандыгы талашсыз.

Максатыбыз даңазалуу илимпоздун басып өткөн изин, чыгармачылык чыйыр жолун жаш муунган жайылтып, анын өмүр жолун келечекке өрнөк кылуу. Айта кетсек биздин лицей Х.Карасаевдин урматына уюштурган бул иш-чара алгачкы жана акыркы жолу эмес. Алдыда бул багытта арбын иштер мерчемделүүдө. Өлгөндөр даңкталмайын-тирүүлөр баркталбайт!

Бекболотов Алмаз 

Х.Карасаев лицейинин тарбия жана уюштуруу иштери боюнча директордун орун басары

Бөлүшүү

Комментарийлер