ЛЕЙЛЕКТЕ ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ АНЫКТАЛДЫ
- 16.04.2022
- 0
Лейлек районунун К.Казыев атындагы орто мектебинде «Жылдын мыкты мугалими — 2022» кароо-сынагы болуп өттү.
Аталган сынакта өрүкзарлуу аймактын алдыңкы мугалимдери заманбап сабак өтүү, кесиптик чеберчилик, чыгармачылык изденүү, билим берүүнүн жаңычыл усулдарын колдонуу боюнча өз ара күч сынашышты.
Жарыштын соңунда Ак-Суу айылындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика мугалими Абдиманнан кызы Күмүшай биринчи орунду ээлеп, Баткен областтык туруна катышуу үчүн жолдомо алды.
Ал эми экинчи орунду «Кара-Булак» орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Мансурова Динара, үчүнчү орунду «Достук» орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жолдубаева Хафиза ээледи.
Тайир Аширбай, Лейлек району
Бөлүшүү
Комментарийлер