ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДА  «PISA — 2025”  СЕМИНАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

  • 29.11.2022
  • 0

Семинарга катышкан 170 мугалимге “PISA-2025”  боюнча жалпы түшүнүк,  2025-жылы тапшыра турган үч  багыты жана негизги алты багыты боюнча терең маалыматтар берилди.

ЛЕЙЛЕК РАЙОНУНДА  "PISA - 2025”  СЕМИНАРЫ БОЛУП ӨТТҮ

Лейлек райондук Окуу усулдук каанасынын усулчусу А.Мурзабаевдин маалыматына таянсак,  “PISA – 2025”  боюнча сабактарга тест түзүүнү үйрөтүү жана тест алуунун жолун көрсөтүү, PISA-багытында коллективге жана окуучуларга ачык сабактарды өтүү жолу боюнча маалымат берилип, тест түзүү жана текшерүү жолдору боюнча практикалык сабактарды Кундуз Арапова, Айгуль Атабекова, Бакыт Шоруковдор өтүп беришти.

Семинардын катышуучуларына тастыктоочу сертификаттар «Билим азыгы» коомдук фонду жана «АЯН» окуу борбору тарабынан берилди.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер