ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ: КУРМАНДЫКТАР, КААРМАНДАР ЭСКЕРИЛДИ

  • 23.01.2018
  • 0

Мындан 75 жыл мурда, тагыраагы 1943-жылдын 18-январында Ленинград шаары курчоодон бошотулган. Бул датага арналып, Бишкекте Ленинград блокадасынын курмандыктары менен каармандары эскерилди. Ага согуш ардагерлери жана шаар жетекчилиги катышты.

ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ: КУРМАНДЫКТАР, КААРМАНДАР ЭСКЕРИЛДИ

 

ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ: КУРМАНДЫКТАР, КААРМАНДАР ЭСКЕРИЛДИ

Ленинград блокадасына арналган эстелик катары суюлуп бара жаткан ардагерлерди бүгүн өзүнүн айланасына чогултту. Бишкектеги Дайыр Асановдун атын алып жүргөн паркта жүрөк титиреткен Ленинград окуяларынын күбөлөрү жокчулук эмне экенин дагы бир жолу жаштардын эсине салды. Мындан 75 жыл мурда, тагыраагы 1943-жылдын 18-январында Ленинград шаары курчоодон бошотулган.

«Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун» жетекчи орун басары Марат Кутанов блокадага кабылганда 11 жашта болгон, ал апасы Анна Кутанованын эрдигин эскерди:

— Блокадачылар коомунун төрайымы Анна Кутанова менин апам. Бүгүн ал 88 жашка толду. 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып, 1944-жылдын 27-январына чейин апам блокадада калган. Он үч жашында Ленинградды коргоодогу эрдиги үчүн медал тагынган. Ал согуш учурунда байланышчы болуп иштеген экен. Ал Ленинградда финансы институтун аяктап, аны Кыргызстанга жиберишкен. Атам Асанбек Кутанов дагы ушул эле институтту аяктап, бул жакка бирге келишкен, чогуу иштеп жүрдү. Кыргызстанда баш кошуп, 1955-жылы эки элдин уулу болуп мен төрөлдүм, — деди М.Кутанов.

1941-жылдын сентябрынан башталган Ленинград блокадасы дээрлик 900 күнгө созулган. Шаарды немецтик күчтөр курчап, Ладожское көлү аркылуу гана жалгыз каттам калган. Бирок ал шаар калкын толук камсыздай алган эмес. Натыйжада миңдеген адамдар ачкадан кырылып, экинчи жагынан суук катуу кыйнаган.

Согуштун алдыңкы сабындагы жоокерлерге күнүнө 500 грамм нан, жумушчуларга 250 грамм нандан башка тамак болгон эмес. Ар кандай маалыматтар боюнча Ленинград блокадасынан бир жарым миллионго чейин жоготуу болгон. Алардын үч гана пайызы бомбалоодон каза тапса, калганы ачкачылыктан каза болгон.

Бөлүшүү

Комментарийлер