ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ: КААРДУУ СОГУШ КҮНДӨРҮНҮН ЭЛЕСИ!

  • 29.04.2024
  • 0

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Улуу жеңишти утурлай Улуу ата мекендик согуштун эң трагедиялуу окуясы- Ленинград блокадасы жана анын курчоодон толук бошотулушунун 80 жылдыгына арналган «Ленинград блокадасы: каардуу согуш күндөрүнүн элеси!» аттуу илимий- маданий иш чара өткөрүлдү.

ЛЕНИНГРАД БЛОКАДАСЫ: КААРДУУ СОГУШ КҮНДӨРҮНҮН ЭЛЕСИ!

Кесиптик колледждин тил жана коомдук сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулган иш чара эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө илимий баяндамалар жасалды.

Ал эми маданий бөлүгүндө профессордук -окутуучулар тарабынан даярдалган видео ролик көрсөтүлүп, чыгармачыл, таланттуу студенттер тарабынан сахналык көрүнүш, жоокер бийи жана мекен тууралуу обондуу ырлар аткарылып иш чаранын жүрүшүн шаңга бөлөдү.

Окуу жайдын ректору Абдилбает Мамасыдыков иш-чаранын максатына токтолуп, Улуу ата мекендик согуш жылдарында немис аскерлери шаарды жок кылууну көздөп, Ленинград шаарын курчоого алып, Ленинград блокадасына кыргыздын эр азаматтары дагы кабылганын айтып, жаштарды аталарыбыздын эрдигин унутпоого чакырды.

Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, баяндамачыларга жана активдүү катышуучуларга, студенттерге грамоталар тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер