ЛЕГЕНДАРЛУУ СПОРТ ЖУРНАЛИСТИ 60 ЖАШТА!

  • 29.10.2021
  • 0

Белгилүү спорт журналисти Кабыл Макешов күркүрөгөн күз айында 60 жашка толду.

Элине эмгеги менен жаккан кесиптешибиз өзүнүн мааракелик жылында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун колунан «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» сыймыктуу наамын алып, жакында эле Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада чыгармачылык кечесин жана жаңы жазган китебинин бет ачарын өткөрдү.

Ал спорттук кабарчы катары баш-аягы 11 олимпиада оюндарына катышкан. Кабыл Макешов — маданият, спорт, билим берүү ишине арналган 16 китептин автору.

— Мен төрт кышкы, жети жайкы олимпиадага, сегиз Азия оюндарына катыштым. Быйылкы Токио олимпиадасы кыргыз спортчулары үчүн баарынан эсте каларлык жана жемиштүү болду, — дейт маараке ээси.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер