ЛЕБЕДИНОВКАДАГЫ №1 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯНЫН ТАРЫХ МУГАЛИМИ СҮЙҮКТҮҮ ИШИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

  • 07.03.2022
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими Жылдыз Садырбаева өзү иштеп кеткен мектепке кайтып келди. Анын бул кадамга барышына өз кесибине болгон сүйүүсү, өзү окуткан окуучулардын ата-энелеринин суранычы, ошондой эле министрликтин колдоосу түрткү берген.

ЛЕБЕДИНОВКАДАГЫ №1 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯНЫН ТАРЫХ МУГАЛИМИ СҮЙҮКТҮҮ ИШИНЕ КАЙТЫП КЕЛДИ

 

Бүгүн, 7-мартта  билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин тапшырмасы менен министрдин биринчи орун басары Бактияр Орозов аталган гимназияга барып, мектептин администрациясы жана тарых мугалими менен жолугушуп, айымдарды алдыдагы эл аралык майрамы менен куттуктады.

Жолугушууда Б. Орозов министрлик мындан ары билим берүү уюмдарындагы тартипке, тазалыкка, билим берүүнүн мазмунуна жана сапатына өзгөчө көңүл бурарын, педагогдордун иштөөсү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди. Ошону менен бирге Б. Орозов педагогдор коомдун эң абройлуу мүчөсү болууга тийиш экенин, аларды андай даражага көтөрүү үчүн министрлик өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечкиндүү кадамдарды жасоого даяр экенин айтты.

Жолугушууга министрдин жардамчысы Илгиз Султанов, министрликтин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев, Аламүдүн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Динар Шаркуловалар да катышышты.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 21-январында Лебединовка айылындагы №1 мектеп-гимназияда болгон окуянын чоо-жайын териштирген билим берүү уюмунун этика боюнча комиссиясынын корутундусунун негизинде мектептин администрациясы тарых мугалими Ж. Садырбаевага сөгүш жарыялаган. Ошондон кийин эле ал жумуштан өз ыктыяры менен бошонуу тууралуу арыз жазган. Мектеп жетекчилиги анын арызын канааттандырган.

КР БИМ басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер