КЫЗЫЛ-КЫЯ: КАРБЫШЕВ МЕКТЕБИ ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОРГО АЙЛАНУУДА

  • 12.06.2026
  • 0

Өлкөдө билим берүү тутумун трансформациялоонун алкагында тандалып алынган 53 инновациялык мектептин катарына Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Д.Карбышев атындагы №1 мектеп кирди.

Агартуу министрлиги билдиргендей, учурда бул окуу жайда капиталдык оңдоп-түзөө иштери активдүү жүрүүдө.

КЫЗЫЛ-КЫЯ: КАРБЫШЕВ МЕКТЕБИ ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОРГО АЙЛАНУУДА

Мектептин директору Инабад Парпиеванын айтымында, бүгүнкү күндө имараттын фасады, жыйындар залы жана санитардык түйүндөрү жаңыланып, терезелери алмаштырылууда. Өзгөчө көңүл STEM, информатика жана эмгек кабинеттерин толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө бурулган.

КЫЗЫЛ-КЫЯ: КАРБЫШЕВ МЕКТЕБИ ИННОВАЦИЯЛЫК БОРБОРГО АЙЛАНУУДА

Оңдоо иштери аяктаган соң Агартуу министрлиги тарабынан мектепке заманбап эмеректер, лабораториялык жана маалыматтык-коммуникациялык жабдыктар берилип, заманбап кванториум (инновациялык илимий-техникалык аянтча) түзүлөт.

Белгилей кетсек, республика боюнча тандалган 53 инновациялык мектептин айланасында 220 мектептен турган кластерлер түзүлүп, өлкөдө бирдиктүү заманбап билим берүү экосистемасы калыптандырылууда.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер