КЫТАЙДА ӨТКӨН IMO ОЛИМПИАДАСЫНДАГЫ ИЙГИЛИК: КЫРГЫЗСТАНДЫН КУРЖУНУНДА 5 МЕДАЛЬ ЖАНА ГРАМОТА
- 21.07.2026
- 0
Кыргызстандык окуучулар Кытайда өткөн Эл аралык математикалык олимпиадада (IMO) 3 күмүш, 2 коло медаль жана 1 ардак грамота утуп алышты.
10-июлдан 21-июлга чейин Кыргызстандын математика боюнча курама командасы Шанхай шаарында (Кытай) өткөн 67-эл аралык математикалык олимпиадага катышты. Математика боюнча эң абройлуу олимпиадага 117 өлкөдөн 666 окуучу катышты. IMO олимпиадасына катышуу — чоң жетишкендик жана математикалык даярдыктын жогорку деңгээлин айгинелейт. Кыргызстан курама командасынын курамы Математика боюнча улуттук олимпиаданын 4-этабынын жыйынтыгы боюнча аныкталган.
Кыргызстандын математика боюнча курама командасынан 5 окуучу олимпиададан медаль менен кайтышууда. Окуучулардын жыйынтыктары:
- Акимов Ариет – күмүш медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу.
- Саят Арлан – күмүш медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу.
- Бобрус Ян – күмүш медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу.
- Мусаходжаев Султан – коло медаль, “Маариф” мектебинин 10-классынын окуучусу.
- Акенеев Тимур – коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 11-классынын окуучусу.
- Абдувалиев Бектен – ардак грамота, “Силк Роуд Эдюкейшн” ISK мектебинин 8-классынын окуучусу.
Команданын жетекчилери: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол.
Кыргызстан бул олимпиадага 1993-жылдан бери катышып келет. Бүгүнкү күндө өлкөнүн куржунунда 27 медаль бар, алардын 14ү (1 алтын, 8 күмүш, 5 коло медаль) акыркы үч жылда багындырылды. Командалык эсепте Кыргызстан курамасы акыркы үч жыл катары менен дүйнөнүн мыкты 40 командасынын катарына кирип келе жатат. Быйылкы олимпиаданын жыйынтыгы боюнча команда 35-орунду ээледи.
Эл аралык математикалык олимпиада (IMO) — бул мектеп окуучулары арасындагы математика боюнча Дүйнө чемпионаты. Биринчи олимпиада 1959-жылы Румынияда өтүп, ага жети өлкө катышкан. Акыркы жылдары IMO’го 5 континенттен 100дөн ашык өлкө катышып келет.





Комментарийлер