ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ “КР ПРЕЗИДЕНТИНИН СЫЙМЫГЫ” СЕРТИФИКАТТАРЫ ЖАНА НОУТБУКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 21.07.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку жыйынтык көрсөткөн бүтүрүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

“Ынтымак-Ордо” имаратында өткөн салтанаттуу иш-чарада Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекет башчысынын куттуктоосун жеткирип, ЖРТда «Алтын сертификатка» татыган 56 бүтүрүүчүгө жана облустар боюнча эң жогорку упай топтогон 20 окуучуга «КР Президентинин сыймыгы» сертификаттарын тапшырды.ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ “КР ПРЕЗИДЕНТИНИН СЫЙМЫГЫ” СЕРТИФИКАТТАРЫ ЖАНА НОУТБУКТАР ТАПШЫРЫЛДЫСыйлыктарды Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Президент Садыр Жапаровдун атынан тапшырып, анын куттуктоо кайрылуусун окуду. Ал окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктап, алар өлкөнүн сыймыгы экенин өзгөчө белгиледи.ЭҢ ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН МЕКТЕП БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮНӨ “КР ПРЕЗИДЕНТИНИН СЫЙМЫГЫ” СЕРТИФИКАТТАРЫ ЖАНА НОУТБУКТАР ТАПШЫРЫЛДЫАдылбек Касымалиев өз сөзүндө бүгүнкү күндө мамлекет күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды куруп жатканын, бул процессте биринчи кезекте адам ресурсу, балдардын келечеги жана сапаттуу билим алуусу өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Минкаб башчысы бүтүрүүчүлөргө кайрылып: “Кайсы жерден кандай гана билим алсаңар дагы улуттук өзөгүбүздү, ата-бабалардын нарк-насилин, эне тилин, тарых-таржымалын, маданиятын билип, мекенчил инсан болушуңар шарт. Ар дайым жүрөгүңөр Кыргызстан деп согушу керек. Бүгүн алып жаткан сертификаттарыңар жашооңордогу жарык шам чырак экенине шек жок. Араңарда жаңы Кыргызстандын жаратмандары, акылгөйлөрү, алдыга тартуучулары отурат. Баскан кадамыңар шыдыр жана жолуңар ачык болсун! Ак жол силерге!” — деген каалоо-тилегин билдирди.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда ЖРТдан жогорку балл алган ар бир бүтүрүүчүгө эстелик катары “Apple MacBook Air 15.3” үлгүсүндөгү заманбап ноутбуктар белекке берилди.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер