БИШКЕКТЕГИ №56 ОРТО МЕКТЕПТЕ КАПИТАЛДЫК ОҢДОО ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ

  • 21.07.2026
  • 0

Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан №56 муниципалдык орто жалпы билим берүү мектебинин имаратын комплекстүү капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери улантылууда.

Аталган билим берүү мекемеси алгач 1971-жылы пайдаланууга берилип, 800 окуучуга ылайыкталган. Кийинчерээк окуучулардын санынын кескин өсүшүнө байланыштуу, 1989-жылы негизги имаратка кошумча 600 орундуу жаңы окуу корпусу курулуп берилген. БИШКЕКТЕГИ №56 ОРТО МЕКТЕПТЕ КАПИТАЛДЫК ОҢДОО ИШТЕРИ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨБүгүнкү күндө мектепте курулуш-монтаждоо иштери активдүү фазада жүрүп жатат. Адистер тарабынан эскирген конструкцияларды демонтаждоо, мектепке чектеш аймакты кайра пландоо, имараттын фасадына металл негиздерин орнотуу жана башка калыбына келтирүү жумуштары аткарылууда.

Бул долбоордун башкы максаты — окуучулар менен мугалимдер үчүн заманбап, коопсуз жана бардык талаптарга жооп берген ыңгайлуу билим берүү чөйрөсүн түзүү болуп саналат. Иш-чараларды сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү жоопкерчилиги подряддык уюм — «Евразия Строй» ЖЧКсына жүктөлгөн.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер