КЫЗЫЛ-КЫЯ: «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ — ӨНҮККӨН ӨЛКӨ»

  • 04.09.2026
  • 0

Кызыл-Кыя шаарында билим берүү кызматкерлеринин салтка айланган салтанаттуу Август педагогикалык кеңешмеси жогорку деңгээлде болуп өттү.

КЫЗЫЛ-КЫЯ: «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ — ӨНҮККӨН ӨЛКӨ»

Жыйынга шаар жетекчилери, билим берүү тармагынын адистери, кадырлуу меймандар, агартуу тармагынын каармандары жана өнөктөш мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

КЫЗЫЛ-КЫЯ: «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ — ӨНҮККӨН ӨЛКӨ»

Кеңешменин алкагында каралган негизги багыттар: Жаңыланган предметтик стандарттар, заманбап окуу китептеринин мазмуну жана шахмат ийримдерин киргизүү; «АИС Мугалим» платформасы аркылуу кадрларды калыс башкаруу, квалификацияны жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту камсыздоо; Мектепке чейинки билим берүү («Балалык») менен кесиптик лицейлердин («Кесиптик билим берүү») эмгек рыногундагы орду; Шаардык билим берүү бөлүмүнүн аналитикалык отчету, жетишкендиктер менен кемчиликтерди ачык талкуулаган жандуу панелдик сессия.

КЫЗЫЛ-КЫЯ: «ДООР ӨЗГӨРТКӨН БИЛИМ: ЖАРАТМАН МУГАЛИМ — ӨНҮККӨН ӨЛКӨ»

Конференциянын соңунда 2026–2027-окуу жылына карата атайын Резолюция кабыл алынып, алдыңкы педагогдорго Ардак грамоталар жана өнөктөштөргө Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер