КЫЗЫКТУУ ЖУМАЛЫК

  • 15.02.2023
  • 0

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы А.Стрельникова атындагы орто мектебинде ушул жума кызыктуу иш-чаралар менен коштолду.

КЫЗЫКТУУ ЖУМАЛЫК

Окуучулар таалим-тарбия, тил үйрөнүү жана табигый кырсыктардан сактануу ж.б. темалар боюнча кызыктуу маалыматтарды алды. Атап айтканда, мектептин кыздар кеңеши окуучу кыздар үчүн “Кыз адеби кымбат” деген темада тегерек стол өткөрдү. Ал мектептин мугалимдери А.Осмоналиева, А.Торсунбаева, З.Шакированын демилгеси менен уюштурулду. Тегерек столго чакырылган коноктор кыздарга акыл-насааттарын айтып, кеп-кеңештери менен бөлүштү. Республикалык жана эл аралык деңгээлдеги жаңылыктардан артта калбай, англис тилинин бир айлыгы алкагында мектептин англис тили мугалими Лена Молдокулова 8-«г» классынын окуучулары менен «Exploring schools» темасында өткөргөн мастер классы жана 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк эл аралык эне тили күнүнө карата окуучулардын ар улуттун тилдеринде көркөм окуулары жана ыр-бийлери көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок.

КЫЗЫКТУУ ЖУМАЛЫК

Таалим-тарбия маселесине арналган түшүндүрүү иштеринин кийинки темасы “Тамекинин, электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугу” деп аталып, анда  милициянын мектептеги жаш достору мектептин соцпедагогу Асланбек кызы Кенжегүл менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Ал эми 14-февралда 1-4-класстын окуучулары “Табигый кырсыктан сак болгула”, “Жер титирөөдөн кантип сактанабыз?” деген темада мектептин жаш өрт өчүрүүчүлөр тобунун түшүндүрүү иштерине күбө болду.

Мына ушундай ары пайдалуу, арыз кызыктуу темаларды тандоодо жана уюштурууда окуучуларга мектептин мугалимдери жакындан жардам берип, туш тараптан колдоо көрсөтүп келишет.

 

А.КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер