КЫЗЫКТУУ «САРМЕРДЕН»

  • 06.02.2024
  • 0

6-февралда Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде «Улуттук нарк · улуттун жүзү. Улуттук нарк · улуттун уңгусу» деген темада 3-«а» класстын окуучуларынын «Сармерден» оюну болуп өттү.

КЫЗЫКТУУ "САРМЕРДЕН"

Класстан тышкаркы кызыктуу бул тарбиялык иш-чараны 3-«а» класстын куратору, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими Гүлүмкан Асанкадырова уюштурду.
— Максатым окуучуларга улуттук нарк, улуттук каада-салт, эне тилин сүйүү боюнча маалымат берип, сабакта «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү айттыруу менен Манастын  баатырдын эрдиктерин билүүгө, улуттук оюндарды ойноо менен тапкычтыкка, шамдагайлыкка, ынтымактуулукка, кыргыз элинин улууларды сыйлоо, элин-жерин сүйүүгө тарбиялоо болчу. Кайсыл бир деңгээлде максатыма жеттим деп ойлойм, — дейт алдыңкы мугалим.
«Сармерден» абдан кызыктуу болду. Балдар ата-энеге арналган ырларды ырдап,  макалдарды айтышты. Кыргыз бийлерин бийлешти. Эркек балдар «Кыргыз калкым» ырын зор чеберчилик менен аткарышса, кыздар «Балалык» ырын алардан калышпай ырдашты. Андан ары балдар-кыздар макал, жаңылмачтарды айтуу менен так, туура сүйлөөгө, көркөм ыр айтуу менен эне тилин даңазалоого тарбия алышты. Балдар тобу менен кыздар тобунун ортосунда атаандаштык күчтүү болду. Комуз күүлөрү жаңырды. Балдар Атай Огонбаевдин «Жаштар маршын», кыздар Нурак Абдрахмановдун «Балалык» күүсүн чертип беришти. Кыздар топ таш, балдар чүкө менен хан талашмай оюндарын ойноп, жарышты кызытты. Алып баруучу эрке бала Нурдин менен эрке кыз Сезимдин алып баруучулук жөндөмүнө ата-энелер, мугалимдер жогору баа беришти.
Аягында ата-энелер да эки топко бөлүнүп, Мекенге, энелерге арналган ырларын аткаруу менен бүгүнкү жарыштын көркүнө көрк кошушту. Бүгүнкү сабакка ата-энелердин салымы зор болду. Алар  сахнаны жасалгалоого жардам беришип,  боз үйдүн түндүгүн, керегелерин алып келишти. Өз балдарынын өнөрлөрүнө күбө болушкан ата-энелер эжейине ыраазычылык билдиришти.

— Гүлүмкан эжейге чексиз ыраазычылыктар болсун! «Сармерденди» жогорку деңгээлде даярдаптыр. Дегеле эжей балдарга кыргыз элинин салт-санаасын, үрп-адаттарын, кылым карыткан баалуулуктарын талыкпай үйрөтүп келет. Эжейге бардык жакшылыктарды каалайбыз, – дешти ата-энелер.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер