КЫЗМАТТАШУУ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ ЖОЛ

  • 14.03.2021
  • 0

12-мартта Бишкектеги Т. Эрматов атындагы Музыкалык-педагогикалык колледжде «Билим берүү мекемелеринин кызматташтыгы келечектин ачкычы» аттуу темада тегерек стол уюштурулду.

Ага Бишкектеги жана Чүй облустук билим берүү мекемелеринин жетекчилери, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү жана окуу жайдын окутуучулары катышты. Тегерек столдун ачылыш аземинде окуу жайдын деректири, ф.и.к., доцент Түмөнбай Колдошов иш-чараны уюштуруунун максатына жана маанисине кеңири токтолуп, мектеп бүтүрүүчүлөрүн кесипке туура багыттап, өлкөбүздүн керегине жараган билимдүү инсандар болушуна көмөк көрсөтүү милдетин баса белгилеп өттү.

 

КЫЗМАТТАШУУ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ ЖОЛ

Деректирдин өндүрүштө окутуп-үйрөтүү боюнча орун басары Динара Кутманалиева акыркы беш жыл ичиндеги күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүндө бүтүргөн студенттер жөнүндө кеңири маалымат берди.

Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Кундуз Абдыраева Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Иманалиев абдан мазмундуу, пайдалуу иш-чараны уюштурган колледждин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти. Окуу жайдын 55 жылдык мааракеси менен куттукташып, мындан ары кызматташуунун бекемделишине салым кошоорун айтышты.

КЫЗМАТТАШУУ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ ЖОЛ

Колледж менен 10 жылдан ашуун мезгил бою кызматташып, студенттердин практика өтөөсүнө шарт түзүп келген А.Осмонов ат. № 68 окуу тарбия комплексинин деректири, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Канымжан Өмүрова, Т.Сатылганов ат. №69 окуу тарбия комплексинин деректири, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Сайрагүл Атаева баалуу сунуштарын айтып өтүштү. Бишкек шаарындагы Октябрь районуна караштуу № 10 балдар бакчасынын башчысы Гүлкайыр Усубакунова окуу жайдын деректирине сыйлоо баракчасын тапшырды.

КЫЗМАТТАШУУ – КЕЛЕЧЕКТҮҮ ЖОЛ

Аталган окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаган, азыркы учурда А. Молдокулов ат. улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин деректиринин усулдук иштер боюнча орун басары Мейискан Асанова, Бишкек шаарындагы №96 орто мектептин завучу Айнура Субанбекова жана башка бүтүрүүчүлөр окуу жайдагы сабак берген мугалимдерине ыраазычылык билдирди.  Андан соң мектептер менен колледждин ортосунда келишимдерге кол коюу аземи болуп өттү.

Жылдыз Абдылдаева, БМПКнын башкы методисти

Бөлүшүү

Комментарийлер