КЫЗМАТТАШУУ КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ

  • 19.04.2023
  • 0

Өзбекстан окуу жайларында ОшТУнун жумалыгы өтүүдө.

18-апрелде Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Турсунбаев жетектеген делегация курамы Өзбекстандагы Андижан машина куруу институтунда болуп кайтты. Бул иш сапарда билим берүү, окуу процесси, окуу-усулдук иштер жана илим чөйрөсүндө кызматташуу маселелери талкууланды. Андан тышкары, биргелешкен окуу программасын ишке ашыруу маселелери боюнча механизмдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу сунушталды.

КЫЗМАТТАШУУ КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ

Жолугушуунун жыйынтыгында айтылган сунуштардын, пикирлердин негизинде тараптар эки жогорку окуу жайдын ортосунда өз ара кызматташууну күчөтүү жана чыңдоо максатында меморандумга кол коюшту.

Андижан машина куруу институту 1984-жылы негизделген. Учурда ал окуу жайда 4000ден ашуун студенттер жана магистранттар билим алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер