КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН 70% ЭМДӨӨДӨН ӨТКӨН ОКУУ ЖАЙЛАРГА ОФЛАЙН ОКУУГА УРУКСАТ БЕРИЛЕТ

  • 05.08.2021
  • 0

Кыргызстанда жаңы окуу жылы эки шартты эске алуу менен башталат: билим берүү тармагындагы кызматкерлерди эмдөө жана жер-жерлердеги эпидемиологиялык абал. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн кеңейтилген маалымат жыйынында маалым болду.

Башкача айтканда,  мектеп мугалимдеринин, ЖОЖдордун окутуучуларынын 70% эмдөөдөн өткөн окуу жайларга толугу менен офлайн форматында окууга уруксат берилет. Ошол эле учурда аймактагы эпидемиологиялык кырдаал эске алынат.

Учурда агартуучулардын 60% эмдөөдөн өтүп бүттү. Жаңы окуу жылынын кандай форматта баштала тургандыгы боюнча негизги чечим жакын арада өтө турган Август кеңешмесинде белгилүү болот.

«Жакында биз жергиликтүү бийлик жана Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте иштелип чыккан акыркы чечимибизди жарыялайбыз», — дейт Билим берүү жана илим министринин орун басары Н.Джусупбекова.

Учурда мугалимдер арасында эмдөөдөн өтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

  • Агартуу тармагынын кызматкерлерин эмдөөдөн өткүлө деп мажбурлабайбыз. Болгону ар бир мугалим өзүн жана окуткан окуучуларын ойлошу абзел.  Анткени алар өздөрү жол баштоочулар, башкаларга үлгү болуучулар, — дейт министр Б.Купешев.
Бөлүшүү

Комментарийлер