МАКСАТЫ ОКУУЧУЛАРДЫН ПОЗИЦИЯСЫНДА КОЮЛГАН САБАК
- 11.05.2020
- 0
Бектемирова Кенжегүл Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенет.
Мугалим алгач «окуучулар кызматчы сөз түркүмдөрү боюнча маалымат алышат, маани берүүчү сөз түркүмдөрдөн айырмачылыгын мүнөздөй алышат, өз оюн айтып, өз алдынчалыкка көнүгүшөт» деп сабактын максатын окуучулардын позициясында коёт.
Андан ары мугалим кыргыз тилинде 12 сөз түркүмү бар экенин, негизги сөз түркүмүнө зат атооч, сын атооч, ат атооч, этиш, тактооч, өзгөчө сөз түркүмүнө тууранды жана сырдык сөздөр, кызматчы сөз түркүмүнө жандооч, байламта, бөлүкчө, модалдык сөздөр кирерин белгилейт.
Окуучуларды сөз түркүмдөрү менен жалпы жонунан тааныштырган соң, мугалим өз алдынча турганда эч кандай маани билдирбей, жанаша турган сөзгө кошумча маани берген, сөз менен сөздү, сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырган сөздөр кызматчы сөздөр деп аталарын айтат.
Андан кийин таасын мисалдар аркылуу кызматчы сөздөрдүн курамындагы жандоочко, байламтага, бөлүкчөгө жана модалдык сөздөргө кайсы сөздөр таандык экенин көрсөтөт.
Теманы бышыктоого мисалдарды аткарууну сунуштайт.
Соңунда окуучуларга тапшырма берип, сабакты жыйынтыктайт.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер