КЫЗМАКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК БИРЛИГИ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗДҮ

  • 02.07.2026
  • 0

Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Саламат Боёнов жана Бишкек шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубат Абдракманов Бишкек шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринде жүргүзүлгөн мониторингге катышышты.

КЫЗМАКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК БИРЛИГИ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗДҮИш сапарынын жүрүшүндө №8 жана №72 бала бакчаларына, ошондой эле №8 жана №13 жалпы билим берүүчү мектептерге барып, эмгек жамааттары менен жолугушту. Жолугушууларда билим берүү кызматкерлеринин эмгек мыйзамдарынын сакталышы, жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүлөрү, оңдоо иштерине мугалимдердин тартылышы жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.КЫЗМАКЕРЛЕРДИН КЕСИПТИК БИРЛИГИ МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗДҮМониторингдин жыйынтыгында көтөрүлгөн бардык маселелер боюнча, тиешелүү мамлекеттик органдар жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте чечүү боюнча иштер жүргүзүлөрүн белгилеп, алардын аткарылышын өз көзөмөлүнө алды.

 

Кенжебек кызы Асел, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер