КЫЗДАРЫБЫЗ УЗ БОЛСУН

  • 09.01.2018
  • 0

Балдар менен өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда түркүн өнөр үйрөткөн чыгармачыл топтордун, ийримдердин катарына оймо жана түймө курстары да бар.

КЫЗДАРЫБЫЗ УЗ БОЛСУН

Гүлзат Акматсияева, түймө боюнча «Кыялкеч» ийриминин жетекчиси:

— Бизде кыздар колдорун, манжаларын кылдат иштетип, майда булчуңчаларын ийкемдүү, ошол эле учурда бекем иштешине машыктырат, акыл-эс менен ички туюмду шайкеш өнүктүрүшөт. Бул өнөр логикалык ой жүгүртүүнү да жакшыртат. Кыздар такттыкка, тыкандыкка үйрөнүшөт. Ар кандай буюмдарды, мунун ичинен токума кийимдерди түйгөндү билип алышса, бул өнөр турмушта да кереги тиет.

КЫЗДАРЫБЫЗ УЗ БОЛСУН

Гүлмира Качкынтаева, «Оймо-kg» ийриминин жетекчиси:

— Кийизден төөнөгүч, чач байлагыч, чач топтогуч, сөйкө, телефон же көз айнек кап, сумка, калпак, панно, кооз оймолорду жасаганды үйрөтөбүз. Кол өнөрчүлүк эстетикалык табитти өстүрүп, кунт коюу, ырааттуу иштөө көндүмдөрүн өнүктүрөт. Жасаган буюмдарын ала кетип, жакындарына тартууласа же башкаларга сатса болот.

Жолдош Турдубаев, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер