КЫЗДАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ ЖАНА МОТИВАЦИЯЛОО

  • 28.09.2023
  • 0

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Борбор Азиядагы Америка университетинин алдындагы Инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте ЮНИСЕФтин “Илимдеги кыздар” долбоорунун экинчи баскычы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарында ишке ашырыла башталды. Долбоор тууралуу   «Илимдеги кыздар» долбоорунун экспертконсультанты Жеңишбек УРУМОВ менен маек курдук.

КЫЗДАРДЫН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮН КЕҢЕЙТҮҮ ЖАНА МОТИВАЦИЯЛОО

– Жеңишбек агай, «Илимдеги кыздар» долбоорунун максаты, түзүмү тууралуу айта кетсеңиз.

– Долбоордун максаты – өспүрүмдөрдү илим жана технологияга шыктандыруу, алардын мотивациясын күчөтүү жана жаңы кесиптерди алуу мүмкүнчүлүктөргө окутуп, үйрөтүүгө шарт түзүү болуп саналат. Билимге, өзгөчө илим, технология, инженерия жана математика (STEM) чөйрөсүндөгү билимге карата заманбап ыкмаларга жана талаптарга, ошондой эле социалдык-гендердик сезимтал иш-чараларды киргизүүгө өзгөчө көңүл буруу.

 Мен экинчи фазасында катышып жатам. Биринчи фазада мектеп окуучулары, айрыкча кыздар арасында илимге, математикалык, инженериялык багыттагы предметтерге басым жасоо менен илимге тартуу багытында иш-чаралар жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында көптөгөн кыздар буга чейин  эркек балдардын кесиби деп саналган кесиптерге тапшырган учур болду. Андан сырткары, ЖРТ даярдоо ишинин натыйжасында көптөгөн окуучулар жогорку балл алып, азыркы тапта табигый так илимдер багытында билим алышууда.

– Долбоордун экинчи фазасы биринчиден айырмачылыгы эмнеде?

  • Экинчи фазада буга чейинки ишмердүүлүктү улантуу менен бирге, окуучу балдарды дагы аралаштырып, STEM, табигый так илимдер багытында иш алып барууну улантуудабыз. Бирок ошонун ичинде гуманитардык билимдерди дагы STEM окутуу программасына кантип киргизүү маселеси дагы каралып жаткан учур.

 ЮНИСЕФтин «Илимдеги кыздар»  долбоорунун алкагында окуучулардын арасында STEM жана тарбия жаатында иштерди алып жаткан эки уюм бар. Алар БААУнын Инновациялык колледжи жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси. Ал эми биздин уюм пландоо, планга STEM, гендер-сезимталдуулук аспектилерин киргизүү ж.б. иштерди көзөмөлдөйт. Жетекчибиз Догдуркүл Кендирбаева практик болгондуктан, план түзүү жаатына көп көңүл буруу идеясын киргизген. Район, облустардагы 50 мектептин планын салыштырып, иликтеп көрдүк. Биз ойлогондой долбоордун алкагында каралган аспектилер, план түзүү каралган эмес.

– Долбоорго канча мектеп катышууда?

– Республика боюнча Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын жана Чүй облустарынан тандалып алынган 50 пилоттук мектеп менен иштешип жатабыз. Август айында Сузак районунун жети жана Кызыл-Кыя шаарынын тогуз пилоттук мектебинде өнүктүрүү пландарын талдоо жүргүзүлдү. Анын  алкагында: Өнүктүрүү пландарынын түзүмүнүн жана мазмунунун заманбап талаптарга шайкештиги; өнүктүрүү пландарын жана жылдык пландарды түзүүгө бардык таламдаш тараптардын катышуусу; иш-чаралардын пландарында мониторингди чагылдыруу; биргелешкен мониторингдин жана баалоонун пландарынын болушу; өнүктүрүү пландарында STEM билим берүүгө багытталган окутуу, таанып-билүү иш-чараларын чагылдыруу; өнүктүрүү пландарында STEM билим берүүгө багытталган тарбиялоо, жалпы өнүктүрүү иш-чараларын чагылдыруу; өнөрлүү жана таланттуу балдардын жөндөмдөрүн табуу жана өнүктүрүү боюнча иш; STEM билим берүүгө жөндөмдөрүн табуу; мектептердин, билим берүү уюмдарынын пландарына, ошондой эле райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн  өнүктүрүү пландарына киргизүү; социалдык-гендердик сезимтал иш-чаралар өткөрүү аспекттери каралды.

Бул талдоо масштабдуу изилдөө программасынын бир бөлүгү болуп саналат, ал мурда Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун, ошондой эле Нарын облусунун Кочкор жана Ат-Башы райондорунун 25 мектебин камтыган. Долбоордун бардык 50 пилоттук мектебинин өнүктүрүү пландарын талдоонун натыйжалары боюнча мектептерди өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү заманбап пландарын түзүү, тренингдер жана консультациялык иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

– Талдоодон алынган пландар кандай жол менен ишке ашат?

–  Билим берүү уюмдарын өнүктүрүү үчүн сунуш кылынган пландар август кеңешмесинде сунуш кылынат. Андан соң кароо жана өлкөнүн бардык билим берүү мекемелерине таратуу үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берилет.

 Долбоордун экинчи баскычы эки жылга созулат. Бул аралыкта мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү саясатына талдоо жүргүзүү, гендердик-багыттоочу билим берүүнү интеграциялоодо жүргүзүлгөн билим берүү реформаларына сереп салуу, STEMге багытталган адаптивдик пландарын иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, өспүрүм кыздардын/балдардын мектептен кийинки билимин улантууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана мотивациялоо, STEM билим берүү боюнча маалымдуулукту жогорулатуу, аларды «тең-теңге» мамилелерин насаатчылыкты жана устатчылыкты колдонуу менен татыктуу жумуш орундарын тандоо жана STEM  тармагында карьера куруу үчүн жагымдуу шарттарды  түзүүгө багыт берүү үчүн иштер аткарылат.

Маалымат:  2020-2022-жылдары ишке ашкан “Илимдеги кыздар” долбоорунун 1 фазасынын алкагында 81 пилоттук мектептер менен (Бишкек, Чүй, Ош облусу жана Кара-Суу району)  иш-чаралар натыйжалуу аяктаган. Ош жана Бишкек шаарындагы“SECOM” окуу борборунда жалпысынан 444 кыз долбоордун каржылоосу менен Жалпы республикалык тестирлөөгө үч ай даярданып, жыйынтыгында 100% жогорку окуу жайларга ѳтүштү, 66 % STEM тармагындагы адистиктерди тандап, 34% гуманитардык багытка тапшырышкан, алардын ичинен 12 кыз чет ѳлкѳдѳгү жогорку окуу жайларга ѳткөн. Долбоордун дагы бир максатты 7-10класста окуган 2600 кызды насаатчылык программасынан ѳткѳрүү эле, жыйынтыгында Кыргызстанда атактуу жана ийгиликтүү тажрыйбасы бар, аны менен бѳлүшүүгѳ жѳндѳмдүү, айрыкча технология, илим жана креативдик индустрия жаатында эмгектенип жаткан 217 айым-ментор 2772 менти кыздарды насаатчылык программасынан ѳткѳрүп, 5 ай бою устаттар ѳз убакыттарын тартуулап, конструктивдүү кеңештерин берип, кесип тандоодо баалуу малыматтар менен бѳлүшүп, багыт беришип, колдоп, шыктандырып келишет.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бактыгүл Өмүралиева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 4-курсунун студенти

Бөлүшүү

Комментарийлер