КЫЗАМЫККА  КАРШЫ  ЭМДӨӨ БАШТАЛДЫ

  • 14.06.2024
  • 0

Учурда  Талас облусу боюнча кызамык илдетине каршы  эмдөө компаниясы кызуу жүрүүдө.

КЫЗАМЫККА  КАРШЫ  ЭМДӨӨ БАШТАЛДЫКЫЗАМЫККА  КАРШЫ  ЭМДӨӨ БАШТАЛДЫ

Маалыматка ылайык, облус боюнча эмдөө жасала турган 7 айдан 9 жашка чейинки  балдардын саны 25774. Бүгүнкү күнгө чейин эмдөө алган балдардын саны  12156га жетти.  Манас районунда 3265 наристенин 2313ү эмдөөдөн өтүп 70,8%ды түздү.  Бакай-Ата районунда эмдөө ала турган  4952 баланын 3027сине эмдөө жасалып, 61,1 % болду. Ал эми Айтматов районунда 7169 баланын 3348и эмдөө алып, 46,7% болсо, Талас районунда 6312 баланын ичинен  2647 бала эмделди, бул 41,9%. Талас шаарында эмделе турган балдардын саны 4076ны түзөт, анын ичинен эмдөө алганы 821, бул болгону  20,1 %.

Эмдөөдөн баш тарткан ата-энелердин  көпчүлүгү диний ишенимдерге берилген үй-бүлөлөр болгондуктан,  КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримованын катышуусу менен  Талас облусундагы мечиттердин имам хатибдеринин, аксакалдар, аялдар кеңештеринин жыйыны өткөрүлдү. Жыйында   кызамык оорусу, анын балдарга тийгизген оор залакасы тууралуу врач- инфекционист Жаңыл  Уметалиева, ден соолукту чыңдоо кабинетинин башкы медайымы Гүлбара Карабаева түшүндүрүп беришти.

Жергиликтүү мечиттерде иш жүргүзгөн имамдар жума намазга келген айыл жамаатарына эмдөөдөн өтүү — шариятка каршы келбестигин, Ислам дининде оорунун алдын алууга карата ыйык Куран аяттарында айтылаарын Манас районунан келген Миржалал ажы айтып өттү.

Аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү, имамдар эл арасына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылчылыгын белгилешти. Ал эми медкызматкерлер айрым адамдар балдарын эмдөөдөн өткөзбөй, эмдөөнүн зарылчылыгын түшүндүрүп барган жарандарга жаман мамиле жасап жатышканын айтышты. Бул боюнча тийиштүү эскертүүлөр берилээрин, эң негизгиси коомчулук эмдөөнү колдоого алышы керектигин  координатор Замир Өмүралиев белгиледи.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер