“КЫЗ КЫЯЛЫ МЕНЕН БААЛАНАТ”

  • 03.11.2022
  • 0

“КЫЗ КЫЯЛЫ МЕНЕН БААЛАНАТ”

Ушундай аталыштагы семинар Ош технологиялык университетинде Аялдар кеңеши жана Жаштар комитетинин демилгеси менен өттү.

Иш-чарага Ош шаарындагы “Айым” клиникасынын негиздөөчүсү Канымбү Каратаева чакырылып, жалпы аялзатына тиешелүү болгон бардык маселелер боюнча маалыматтар камтылган лекция окуп берди. Жолугушууга университетте эмгектенип жаткан аялдар жамааты жана студент кыздар катышты. Семинар бүгүнкү күндөгү жалпы эле, анын ичинде кыргыз коомундагы аялдар арасында болуп жаткан көйгөйлүү маселелердин чечилиш жолдорун издөө, аялдарга жана кыздарга көрсөтүлүп жаткан зордук-зомбулуктарды болтурбоонун алдын алуу, кыз балдарга коомдогу орду, эне болууга даярдануу жана билимдүү инсан болуп калыптанууга үндөө максатында уюштурулду.

“КЫЗ КЫЯЛЫ МЕНЕН БААЛАНАТ”

  • Улут тагдыры болочок энелердин колунда. Анткени баланы жарык дүйнөгө алып келип, аларга тарбия берүүдө үй-бүлөдө эне көбүрөөк роль ойнойт. Ден соолугу чың, акылдуу баланы дүйнөгө алып келиш үчүн эне баланы денесинде көтөрүп жүргөн убагында даярдык көрө баштайт. Ошондуктан кыз балага биринчи энеси, андан соң чөйрөсү, билим алып жаткан окуу жайы көбүрөөк тарбия берүүгө милдеттүү. Кыз балдарды эне болууга гана эмес билимдүү инсан болуп, элге кызмат кылган чыгаан инсан болууга тарбиялоо да улут тагдырында белгилүү роль ойнойт, — дейт Канымбү Каратаева.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер